www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Атамбаевдин жансакчысы эмнеге иштен айдалганына түшүндүрмө берди

Кызгалдак Жакыпова 20-сентябрь 2019, 18:10

Саясат


УКМК Атамбаевдин жансакчысы эмнеге иштен айдалганына түшүндүрмө берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы бүгүн, 20-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкери Канат Сагымбаевдин иштен алынышы анын Атамбаевди куттуктаган видеороликке катышканына байланыштуу эмес.   

Буга чейин Канат Сагымбаевге карата бир эмес эки кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

Иликтөөөнүн жыйынтыгында, Сагымбаев ушул жылдын июль айында ага бекитилген куралды тапшыруу жана ал кайтарчу обьект жок учурунда атайын техниканы гаражга кайтаруу буйруктарына баш ийбегендиги аныкталган жана бул боюнча ага кызматына толук эмес жоопкерчилик мамиле жасагандыгы жарыяланган.

Ал эми сентябрь айында УКМКнын ички инструкциясына каршы келчү – массалык маалымат каражаттары менен уруксат берилбеген байланыш түзгөн.

Жогорудагы иликтөөлөрдүн натыйжасында Канат Сагымбаев “Кызматтык абалына туура келбеген аракеттери үчүн” беренеси менен УКМКдан иштен алынган.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83