www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азаматсың! Айсулуу Дүйнө чемпиону болду!

Айдар Нуралиев 20-сентябрь 2019, 18:58

Спорт


Азаматсың! Айсулуу Дүйнө чемпиону болду!

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова намысты бербей, буга чейинки Дүйнө чемпионун финалда утуп, чемпион аталды!

Казакстандын Нур-Султан шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Кыз-келиндер арасында 62 килограмм салмакта балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова кечээ 4 ирет килемге чыгып, баарында жеңишти камсыздады.

Алгач, мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы, андан соң япониялык Юкако Каваини утуп алды. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты жеңип, жарым финалга чыкты. Ал эми жарым финалда түштүк кореялык Йонг Сим Римди утуп, финалга чыккан эле.

Айсулуу менен финалда беттешкен Тайбе Юсеин 28 жашта. Ал 2010-2011-жылдары Европа чемпиондуктарында, 2012-2013-жылдары болсо Дүйнө чемпиондуктарында күмүш медаль утуп алган. 2014-жылы болсо ушул эле эң чоң беттештерде коло медалга ээ болгон.

2018, 2019-жылдары атаандаштарынын эч кимисине мүмкүнчүлүк бербей жеңип, Европа чемпиону аталган. Ошондой эле, 2018-жылкы Дүйнө чемпиону.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83