www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 21-сентябрь 2019, 09:08

Расмий кабарлар


Президент Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, 20-сентябрда, телефондук сүйлөшүүдө Айсулуу Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду Нур-Султан (Казакстан) шаарында өткөн аялдар күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.

Президент Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында алгачкы жолу аялдар күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону болгонун баса белгиледи. Анын жеңиши бүт Кыргызстан үчүн сыймык экенин айтты. Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова өзүнүн жеңиши менен кыргызстандыктарга Таластагы биринчи улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталар алдында белек кылганын кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова мамлекет башчысына куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшүндө мекендештердин колдоосун сезип жатканын, жеңишин өлкөгө жана Кыргызстан элине арнаганын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83