Аман Аскаров 21-сентябрь 2019, 09:50
Август айынын соңунда Сокулук районунун Селекционное айылынын тургуну укук коргоо кызматкерлерине үйүнө ууру кирип, буюм-тайымдары жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ушул айдын орто ченинде уурулукка шектелген жарандар кармалган. Алардын үйүн тинтүү учурунда толгон-токой уурдалган буюм-тайымдар табылган. Алардын арасында сканер, чаң соргуч, компьютердик жабдыктар, шуба, дубленка ж.б. буюмдар табылган.
Мындан улам, Чүй облустук ИИББи кылмышкерлердин үйүнөн табылган буюмдардын тарых-таржымалын аныктап, жабырлануучуларды табуу максатында жарандарга кайрылууда. Эгерде кимде ким бул буюмдардан өзүлөрүнө таандык нерселерди тааныса анда Сокулук РИИБине төмөндөгү номурлар аркылуу байланышса болот: 0312 607567, 03134 5 33 80, 0700 113176
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!