Кызгалдак Жакыпова 21-сентябрь 2019, 17:56
Бүгүн, 21-сентябрда “Манас” аэропортунан кечээ Казакстанда күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугун утуп алган Айсулуу Тыныбекованы Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова баш болгон бийлик өкүлдөрү, журналисттер жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты.
Аэропорт алдында жогоруда айтылган бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышып, Айсулуунун ийгилиги менен баардык кыргызстандыктар кубанып турушканына токтолушту.
Сөз кезегинде Айсулуу Тыныбекова тосуп алгандарга ыраазычылык билдирди жана жеңишин жалпы кыргызстандыктардын жеңиши экенин баса белгиледи.
Эске сала кетсек, кечээ, 20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограмм салмакта чыгып, финалга чейин Мексика, Япония, Украина жана Түндүк Кореянын балбан кыздарынын үстүнөн таза жеңишке жетишсе, финалда дүйнөнүн жана Европанын учурдагы чемпиону Тайбе Мустафа Юсейинди акыркы көз ирмемдерде 5:3 эсебинде утуп алган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!