www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайра шайланды

Кызгалдак Жакыпова 22-сентябрь 2019, 16:15

Саясат


Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайра шайланды

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайрадан шайланды. Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте партиянын VI съезди өтүп, анда партиянын саясий кеңеши төрагалыкка Исаевдин талапкерлигин көргөзгөнү белгилүү болду.

«Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жыл апрелде негизделип, аны ишкер Шаршенбек Абдыкеримов түзгөн. Ал бүгүнкү курултайда партиянын жетекчилигине партиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков менен Алмазбек Баатырбековдун да талапкерлигин сунуштаган. Аты аталган эки саясатчы лидерликке ат салышуудан баш тартышты.

Канатбек Исаев 2015-жылы парламенттик шайлоону утурлай, партиянын лидери болуп тандалган. Ошол кезде коомчулукта «Кыргызстан» КСДП партиясынын «клону» деген ойлор айтылган. «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңеште 18 мандаты бар.

Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Мунун алдында партиялар, саясатчылар кыйла жандана баштаганын талдоочулар белгилеп жатышат.

Учурда Жогорку Кеңеште КСДП, «Республика-Ата Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» фракциялары бар.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83