www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Түрмөдөн чыккан Текебаев түлөө өткөрүп, тарапташтарына ыраазычылыгын билдирди

Кызгалдак Жакыпова 22-сентябрь 2019, 18:58

Видеолор Саясат


ВИДЕО - Түрмөдөн чыккан Текебаев түлөө өткөрүп, тарапташтарына ыраазычылыгын билдирди

Бүгүн, 22-сентябрда мурунку бийлик тарабынан камакка алынып, түрмөдө 2 жыл 7 ай олтуруп чыккан "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана дал ошончо эле убакыт камакта болгон аталган партиянын мүчөсү, экс-депутат, мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов тарапташтарын Бишкектеги ресторандардын бирине чогултуп, чай үстүндө ыраазычылыгын билдиришти.

Ресторанга чакырылган коноктор негизинен партиянын активисттери, журналисттер жана алардын адвокаттары болгонун интернеттеги социалдык тармактарда жазышууда.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 29-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен аталган партиянын мүчөсүэкс-министр, мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Текебаев менен Чотонов «россиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Ал эми жогорку сот 2019-жылдын  21-августунда Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83