www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кеминде 14 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет жасап, андан кийин өлтүрүп салган жаран кармалды

Кызгалдак Жакыпова 23-сентябрь 2019, 07:04

Коом Кылмыш жана кырсык


Кеминде 14 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет жасап, андан кийин өлтүрүп салган жаран кармалды

Бул тууралуу кечээ, 22-сентябрда Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 22-сентябрь күнү эртең менен Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө 57 жаштагы аял 20-сентябрда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган, т.а. 14 жаштагы небереси тууралуу арыз менен кайрылган.

Арыздын негизинде аталган райондук милициясы ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, жыйынтыгында Кемин шаарындагы ээн калган үйлөрдүн биринен ошол өспүрүм кыздын жансыз денесин табышкан жана анын денесинде бир нече жаракаттар бар экендиги аныкталган.

Аталган кылмышка шектүү катары Кемин милициясы 20 жаштагы эркек адамды кармады. Ал мурда да бир нече жолу соттолгон Кемин районундагы Кашкелең айылынын тургуну К.А. экени белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, кылмышкер 20-сентябрь күнү, түнкү саат 21:30дар чамасында мас абалда келе жатып жолдон өспүрүм кызды көрүп калып, аны зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып барган. Кыз ага каршылык көрсөткөндө, шектүү аны сабап салган. Мунун кесепетинен өспүрүм каза болду.

Учурда шектүү Кемин райондук убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, баардык керектүү соттук-медициналык эксперттер жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83