www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жалда” эки жаранды аесуз сабаган бир туугандар “СИЗОдо таяк жеген эмеспиз, бирибиз керебеттен кулап, бирибиз туалетте тайып жыгылдык” деп актанышууда

Кызгалдак Жакыпова 23-сентябрь 2019, 08:35

Кылмыш жана кырсык


“Жалда” эки жаранды аесуз сабаган бир туугандар “СИЗОдо таяк жеген эмеспиз, бирибиз керебеттен кулап, бирибиз туалетте тайып жыгылдык” деп актанышууда

Бул тууралуу 22-сентябрда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов маалымат таратты. Анын айтымында, чектен ашкан кылмышкер-бир туугандар СИЗО-1де сабалышканын четке кагышууда жана алар анда эч кандай таяк жебей эле бири бири керебеттен кулап кеткенин, экинчиси ажатканага бара жатып тайып жыгылганын айтышууда.

Албетте, алардын кандай гана актануусу болбосун, коомчулук үчүн кызык эмес, негизгиси алардын кылган киштери боюнча татыктуу жазаларын алышы эле маанилүү.

Эскерте кетсек, буга чейин эки бир туугандар - Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков СИЗО-1де катуу сабалганы боюнча маалымат тараган.

Алар 28-августта Ленин РИИБге Д.М. аттуу жарандын кайрылган арызынын негизинде кармалганы, ал арызда ошол эле күнү, саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында күйөөсүн сабап, качып кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөнү айтылганы тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымат тараткан.

Аталган окуя Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кийинчерээк бул берене Жазык кодексиндеги 39-130-беренеге (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) өзгөртүлгөн.

Окуя 28-августта болуп, ал эми 6-сентябрдын таңында кылмышка шектүү бир туугандар — Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү барган.

Ал эми 10-сентябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чүй ОИИБдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери, тиги эки бир туугандын дагы бир тууганы - Казыбек Бапышев кармалган.

Эки бир туугандын “Жал” кичирайонунда эки жаранды аесуз сабап, ал гана гана эмес, бетине секирип тепкен видеосу соцтармакка тарап, элдин кыжырын келтирген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83