www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаршенбек Абдыкеримов бактысыз экен, аны кечээ съездде өзү байкабай айтып алды

Аман Аскаров 23-сентябрь 2019, 11:45

Коом Экономика Саясат


Шаршенбек Абдыкеримов бактысыз экен, аны кечээ съездде өзү байкабай айтып алды

Шаршенбек Абдыкеримов, экс-депутат, “Кыргызстан” партиясынын “кол башчыларынын” бири. Партиянын кечээ өткөн съездинде партиялаштарынын, жыйынга келген коноктордун алдында “менин үмүтүм - өнүккөн Кыргызстан! Элибиз бай болсо биз бактылуу болобуз” -деп дүркүрөгөн кол чабууларды сууруп кетти.

Дегенибиз, залдагылар эле өнүгүп, бай болуп кетпесе, филармониянын эшигинен ары чыкканда эле реалдуу жашоо. Айтсак, ушул жылдын июнь айында Кыргызстан Global Finance журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң жакыр 50 өлкөнүн катарына кирген. Элестеттиңерби өзүңөрдү Бурунди, Борбордук Африка республикасы, Конго, Афганистан, Эритрея ж.б. өлкөлөр менен бир сапта? Ал эми эл аралык валюта фонду (МВФ) 2019-жылы Кыргызстандын ИДПсын 3,8%, 2020-жылы болсо ал төмөнөдөп 3,4% гана түзөрүн болжолдогон.

Демек, Шаршенбек Абдыкеримовдун кыялы, үмүтү орундалбай эле, бактысыз экен. Себеби, Кыргызстан өнүкпөй эле, эли деле байыбай атыптыр көрсө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83