www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Өзбек кримчөйрөсүнүн анабашчысы саналган Салимбай-"байбачанын" буга чейин эч жерге жарыяланбаган видеосу

Кызгалдак Жакыпова 23-сентябрь 2019, 15:40

Кылмыш жана кырсык


ВИДЕО - Өзбек кримчөйрөсүнүн анабашчысы саналган Салимбай-"байбачанын" буга чейин эч жерге жарыяланбаган видеосу

Өзбек кримчөйрөсүнүн анабашчысы саналган Салимбай Кыргызбаевичтин "үй-музейинин" буга чейин эч жерге жарыяланбаган видеолорун жарыялайбыз. Айрым маалыматтарга караганда Салимбай-байбача өзбек бийлигинин кызматтарын сатууда да ортомчулук кылат. Мисалы, 2011-жылы Wikileaks сайтына АКШнын Өзбекстандагы элчиси Джон Пурнелдин жазган каты жарыяланган. Анда элчи Салим байбачаны “Өзбекстандагы криминал дүйнөсүнүн боссу” катары сүрөттөп, аны өзбек өкмөтүндө абдан жакын байланыштары бар экендиги, ал байланыштар аркылуу же ортомчу катары өзбек бийлик кызматтары жана бийлик тарабынан түзүлгөн келишимдер сатылаарын жазып чыккан.

Салим Кыргызбаевичтин кыргыз саясатчылары менен байланышкан окуясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо аталып, анда айрым маалымат каражаттары аны “Кыргызстан” партиясын колдоп, өзбек туугандардын добушун алып бергени жатыптыр деп жазып чыгышкан. Көрсө, аталган партиянын лидерлеринин бири Шаршенбек Абдыкеримов менен Салим байбача чогуу сүрөткө түшүшкөн экен. Бирок, аларды спорт байланыштырып тураары, Салим Абдувалиев Өзбекстандын күрөш федерациясынын президенти, Өзбек Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти экени, Шаршенбек Абдыкеримов болсо КРнын УОКтун Президенти катары иш-чараларда кездешээри такталган соң гана бул бас-бас болгон. Кийин, т.а. 2018-жылкы президенттик шайлоодо Оштогу байлардын бири, ИИМдин мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев менен экс-депутат Нургазы Айдаровдун Өзбекстанда барып андагы таасирдүү криминал “Салимбай байбача” - Салим Абдувалиев менен бирге тартылган тасмасы күндүн негизги темасына айланган. Анда алар “Салимбай Кыргызбаевич биз менен. Биз буга сыймыктанабыз! Салимбай ака биздин тирегибиз. Салимбай ака тирүү кезинде кыргыздардын тиреги тирүү ”, - деп Салимбайды кучактап түшкөн сүрөттөрү, видеосу тараган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83