Аман Аскаров 23-сентябрь 2019, 16:08
“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузган прокуратура, УКМК, ЖКККББ жана башка бардык күч органдарынын кызматкерлери видео материалдарды өчүрүп салуу өтүнүчү менен тиешелүү жерлерге кайрылып, эшиктерин сагалап жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов экономика министри Санжар Муканбетовго айтты.
Өз учурунда, Муканбетов ал тууралуу маалыматы жок экендигин айтса, жооп иретинде эл өкүлү Муканбетовго селсаяктын кийимин кийип алып, көчөгө эл аралап чыгуусун сунуштады.
Белгилей кетсек, буга чейин тээ өткөн заманда, Бишкек шаарынын мэри кайсыл бир иш-чарада дубанача кийинип алып, эл аралай тургандыгын айтып, далай элдин боорун эзген эле.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!