www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кызылкулактар”. Бакылдаган Бакыт Төрөбаев парламентке жетелей келген “жүгүрүгү” Мирлан Бакиров менен бирге өлкөгө 650 миллион сом зыян келтирген

Кызгалдак Жакыпова 23-сентябрь 2019, 16:24

Саясат


“Кызылкулактар”. Бакылдаган Бакыт Төрөбаев парламентке жетелей келген “жүгүрүгү” Мирлан Бакиров менен бирге өлкөгө 650 миллион сом зыян келтирген

Албетте, бир гана Төрөбаев Бакирову менен эмес. Жогорку Кеңеште олтурган КСДПнын мурунку лидери Чыныбай Турсунбеков, “Кыргызстан” саясий партиясынан депутат болуп келип спикерликти чапчып түшкөн Дастан Жумабеков, аталган партиянын кожоюну саналган “спиртсмен” Шаршенбек Абдыкеримов жеке өз кызыкчылыктары үчүн ун маселесин көтөрүп чыгышып, андан баардык салыктарды алып салууга жетишкен. Ал эми алардын “ундун баасы арзандайт” дегени лөлүлөрдүн убадасындай эле болуп, ун арзандамак түгүл кайра кымбаттап кеткен. Мындан жогорудагылардын эч кимиси уялып да коюшкан жок. А мамлекет бул “кызылкулактардын” кесепетинен туура 650 миллион сом зыян тартканын мурунку “ата-мекенчи” депутат Ширин Айтматова эсептеп чыгып жарыялады.

Ошондой эле Шириндин эсебине үңүлсөк, жогорудагы үч партия өкүлдөрү бир эле жыл ичинде шайлоого кетирген акчаларын эки-үч эселеп өндүрүп алышкан. Дагы бир эске салчу жагдай, булар аталган мыйзамды шайлоо бүтүп парламентке келээри менен, тагыраагы парламент өз ишин баштагандан туура 10 күндөн кийин кабыл алышууда. Эң зарыл маселе катары.

А эмне үчүн вице-спикер Мирланды “жүгүрүк” деп айтып жатабыз. Негизи коомчулук арасында, өлкөнүн түштүк аймагында мындай балдарды “жетим жүгүрүк” же “шоха” деп да аташат. Эмнеге? Мирлан Бакиров “шефи” Бакыт Төрөбаев 2000-2007-жылдары апасынын урматына коюлган “Мариям” ун комбинаты ЖЧКсын жетектеп (учурда аялы башкарат) турганда, Бакиров анын орун басары болуп иштеген. Кийин Бабановдун тилин тапкан Төрөбаев парламентке Бакировду кошо “сүйрөй” келген жайы бар.

Жогорудагы маселе боюнча Акун аванын баласы Чыныбай Турсунбеков “мен ал мыйзам долбооруна “каршы” добуш бергем” деген жообун берди. А бул эргулдар – Төрөбаев менен анын “тамадачылыкта” олтурган “жүгүрүгү” Мирлан Бакиров жана спикер Дастан Жумабеков үн катыша элек...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83