www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Генерал Киязов: "Москвадан Кыргызстанга салам!"

Кызгалдак Жакыпова 23-сентябрь 2019, 16:57

Кылмыш жана кырсык


Генерал Киязов: "Москвадан Кыргызстанга салам!"

2019-жылдын 22-сентябрь күнү милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркоо боюнча жетинчи Москва эл аралык марафонунда катышты. Аталган иш-чарага катышуу үчүн 85 өлкөдөн 22 миңден ашык спортчулар келген.

Марафон Москва шаарынын эң кооз көчөлөрүндө өткөнү менен, бул күнү күн суук, катуу шамал болуп, кар аралаш жаан жааган.

Аба ырайынын оор шартына карабастан, генерал-майор Кемелбек Киязов 42 чакырым 195 метр аралыкка чуроо марафонунда жеке өзүнө рекорд жасады. Анын жыйынтыгы 4 саат 01 мүнөт болду.

Жаш курактары боюнча катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү 2019-жылдын 3-октябрь күнүнөн кийин сыйлашмакчы.

Фиништен кийин Кемелбек Киязов билдиргендей, бул Москва марафонундагы чуркоону-Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине арнаган. Ошондой эле, жөө күлүк генералыбыз Кыргызстанда туруктуулук, бейпилдик жана тартип болушун каалап кетти, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83