www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Камалат деген Бабанов артисттер менен клипке тартылып жүрөт. Бабановго баары боло береби?

Кызгалдак Жакыпова 23-сентябрь 2019, 17:38

Видеолор Саясат


ВИДЕО - Камалат деген Бабанов артисттер менен клипке тартылып жүрөт. Бабановго баары боло береби?

Эки жыл мурунку президенттик шайлоодон кийин Россиягы куйрук түйүп кеткен мурунку депутат Өмүрбек бабанов ана камалат, мына камалат дегенден бери бир айга жакын убакыт өттү. А Бабанов болсо кабагым-кашым дебей артисттердин клибине тартылып жүргөнү тууралуу видео тарады.

Анда мурунку депутат, Бабановдун акчалаш досу Рахатбек Ырсалиев экөө жаш ырчы Иса Өмүркулов менен чакан самолетто учуп жаткан кадрды көрүүгө болот.

Бабановго 2017-жылы Башкы прокуратура тарабынан бир нече беренелер боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган ведомство бул тууралуу маалымат таратып, анда, Кылмыш жаза кодексинин конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгону айтылган. Аны менен катар комплекстүү филологиялык-саясий экспертиза Өмүрбек Бабановдун ачык билдирүүлөрү улут аралык кастыкты козутуу, элди провокацияга чакыруу, азыркы бийликке баш ийбөө жана кулатууга багытталганын аныктаганы да жарыяланат. Бирок, ага чейин Бабанов өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүрүп, дээрлик эки жылдай сыртта качып жүргөн. Ушул жылдын 9-августунда, күч органдары Атамбаев менен алышып жаткан учурда Кыргызстанга кайрылып келген. Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келери белгилүү болгондо эле, өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы мыйзам алдында жооп берет деп билдирүү тараткан. Байкоочулар аны аэропорттон эле кармап кетиши мүмкүн экенин болжоп жатышкан. Бирок Бабановдун кайтып келүүсүнө тоскоолдук жасалган эмес. Учурда бул кылмыш иштери унутулуп бараткандай өңүт калтырып жатканы – демек, Кыргыз өлкөсүндө кандай гана кылмыш жаса, баарын акча менен чечип койсо болот экен го дегендей түшүнүк калыптанып бара жатканы өкүнүчтүү. Же эмне, Бабановго баары боло береби?

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83