www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадыр Атамбаев саясатка “каша” чалгысы келип жатабы?

Кызгалдак Жакыпова 23-сентябрь 2019, 18:17

Саясат


Кадыр Атамбаев саясатка “каша” чалгысы келип жатабы?

Атасынын “артка” кеткен арты менен саясатка мурдун тыккысы келип жаткан анын уулу Кадыр Атамбаев "осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт” болуп Ак үй тарапка кат жолдоду. Анын мааниси: “репрессияга кабылдык, укук коргоо органдары тараптан бизге, баары болуп жалпысынан 1700 адамга кысым болуп жатат” деген мааниде.

Чындыгында Кой-Таш окуясында 100дөн ашуун адам жабыр тартып, бирөөнүн чырактай уулу каза таап, дагы бир милиция ачендигинин абалы оор болуп турган чакта Аскер прокуратурасы окуянын ак-карасын териштирүү жана ошол бийликке кайрылган кой-таштыктардын талаптарын аткаруу үчүн барышканын билишсе да “атамбаевчилер” багытты тескери бурушууда?

Акыры акты ак деш керек го... Сөзсүз эле бийликти жамандоо же маалыматты тескери буруу менен дүрбөлөң салуу кажетпи? Канткен менен коомчулуктун көзү ачылып кандай убакта, кайсы деңгээлде бийликке сес көрсөтүү керектигин билип калды. Буга чейин камакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев 1700 жарандын Башкы прокуратурага кайрылгандыгы, анан ал кайрылуу боюнча Аскер прокуратурасы ыксыз териштирүүлөрдү, суракка алууларды жарыялашкан.

Аны менен катар азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун айкөлдүгүн да эске алып койсок болот. Атамбаев анын ордунда болгондо күнөөлүү же күнөөлүү эмес экендиги аныктала электе эле эки чайнап бир жутмак. Андан сырткары ак менен караны териштиргени барган аскер прокуратурасын дагы туура түшүнсөк болчудай.... Кой-Ташта катардагы концерт болгон жок, ок атылып, мамлекетке чыккынчылык жасалды!


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83