www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиянын падышасын куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 23-сентябрь 2019, 17:50

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиянын падышасын куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, Сауд Арабиясынын Королу, Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү Салман бин Абдел Азиз Аль-Саудду жана өлкөнүн элин Сауд Арабия Королдугунун улуттук майрамы — Королдуктун биригүү күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы өз ара колдоого жана ишенимге негизделген кызматташуу эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Бул салтанаттуу күнү Сизге жана Сиздин үй-бүлөӊүзгө бекем ден соолук, бакыт, ишиӊизге ийгилик, ал эми боордош Сауд Арабия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83