www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БОЛГОН ОКУЯ: "Кайран кеткен жаш өмүр..."

Кызгалдак Жакыпова 24-сентябрь 2019, 10:01

Турмуш


БОЛГОН ОКУЯ: "Кайран кеткен жаш өмүр..."

Бул маал 2016-жылдын кеч күзү эле. Кыштактагы орто мектепти бүтүрүп, борбор калаага келгенден бери 5 жыл өтүптүр. Бул жылдар аралыгында кыштакка бир да ирет барбадым. Ооба, туулуп-өскөн жеримди абдан сагыныптырмын...

Ошентип, айылга болгон кусалыгымды таркатайын деп, барып калдым. Кыштакка жетип, автоунаадан сумкемди алып, түшөөрүм менен бизге маңдайлаш жашаган кошунабыз Айша апанын чагылгандай "Чарк" эткен ачуу үнү жаңыра түштү. Үйдөн мени тосуп алганы чыккан ата-энем мага жете келип, учурашты да, алардыкына чуркап жөнөштү. "Эмне болуп кетти?" деп сумкемди өзүм менен кошо көтөрө, ата-энемдин артынан жөнөдүм. Дарбазаны ачып кирип барсак, Айша апа короосунун устунунда салаңдап жипке асылып турган уулун кучактап, өпкө-өпкөсүнө тийбей, ыйлап жаткан экен. Атам экөөбүз чуркап барып, уулун бошотуп, жерге жаткыздык. Ал эчак эле жан бериптир. Апам болсо, коңшу-колоңдорду чакырып келмекке кетти.

Сай сөөгү сыздап, ааламы ала салып, аңтарылып турган Айша апаны көргөн киши жанында туруп чыдай албас. Атам экөөбүз кошо жашып, аны соорото албай, айлабыз куруду. Аңгыча болбой, 10-15 киши кирип келди. Ошентип, боз үй тигилип бүтөйүн деп калганда, маркумдун атасы шылкыя мас абалында басып кирип келди. Маркумга арналган боз үй тигилип жатканын көргөн ал "Уулум, жаман атаңды кечир" деп жерге кулап түшүп, ыйлап кирди. Аны бир-эки эркек колтуктан ала тургузуп, сооротмокко жан үрөп жатышты. "Эмнеге он гүлүнүн бир гүлү ачылбай жатып эрте кетти? Өзүн-өзү өлтүрүүгө эмне себеп болду?" деген суроолор эл ичинде каймактай калкып чыкты. Кээ бирөө анын өлүмүнө аракеч атасын күнөөлөп жатышты.

Көрсө, боз уландын өлүмүнө эл айткандай эле, бөтөлкөнүн түбүнө түшкөн атасы себеп болгон тура. Ооба, маркумдун атасы Шамбет ата мен бала кезден бери эле бөтөлкө менен коюндаш болчу. Ал аракты "Ак катын" деп атап алган. Шамбет ата кыйратып деле үй-бүлөсүн бакпады. Аялы Айша бирди эки кылып, үй ичиндеги жумушту да, талаадагы ишти да өзү кылчу. А күйөөсү бөтөлкөлөш достору менен келээрдин кечке майрамдап, кечке жуук бада тараган маалда тоону томкоруп, ойду омкоруп салгансып үйүнө келип, аялын башка-көзгө койгулап сабагандан башка пайдасы жок бочу. Ушуга чыдап жашаган Айша апага кыштактыктар абдан таң калыша турган. Азыркы келиндерди көзүнөн көк кетирбей сабаганды кой, катуураак кыйкырып койсоң "Кетем" деп чыгат эмеспи. А Айша апа эмнеге ушунча жылдан бери кыйналып жашап жүрсө да кетип калбайт? Балким, уулун жетелеп алып кетип калса, уулу аман калат беле ким билет?

Кырсык - болгон күнү да Шамбет ичип келип, аялы менен баласын ур токмокко алып баштаганда, баласы адатынча ала-сала туруп берет. Каракчылык менен бийлик жүргүзгөн атасынын кылыгына уулу чыдабай кетет. Акыры өзөгү өрттөнгөн боз улан аракеч атасын сабап кирет. Аны баса калып, туш келди бетке-көзгө каарлуу муштуму менен койгулап киргенде, "Кой балам, бул сенин жаман да болсо атаң" деп апасы токтотууга аракет кылат. Анткен менен баласы жылдап толгон зилин чыгара атасын сабап алгандан кийин, "Кечир ата... Апа, сиз да кечириңиз" деп короону көздөй чуркап кетет. Артынан шашыла жөнөгөн энеси аз жерден жетишпей калып, уулун мына минтип колдон учуруп ийген экен. Маркумду жерге берген соң, бир апта өтпөй, борборго келе бердим. Кечээ жакында эле Айша апа жалгыз уулунун күйүтүн көтөрө албай жүрүп, бул дүйнөдөн өтүп кеткенин уктум. Ал эми, күйөөсүнүн абалы өзгөрбөй, баягы эле турмушу уланып жаткан экен. Эх, бири кем дүйнө!..

Булак: ШАМБАЛА

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83