www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кармалган чиновниктин аялы дагы куралдарга тиешеси бар адам

Аман Аскаров 24-сентябрь 2019, 14:23

Кылмыш жана кырсык Коом Саясат


Кармалган чиновниктин аялы дагы куралдарга тиешеси бар адам

16-сентябрда өкмөт аппаратынын сектор башчысы Егор Скобеев аскер прокуратурасына суракка чакырылып, кийин камакка алынган. Ал коррупцияга шектелип жатканы тууралуу маалымат тараган. Бирок, айрым маалыматтар боюнча ал РФнын айрым жарандарына сыйлык-куралдарын тапшырууга катыштыгы бар деп шектелип жатат. Бул боюнча РФнын тергөө комитети дагы иликтөө иштерин жүргүзүп жатыптыр.

Такталбаган маалыматка караганда Glock-19 тапанчалары КР ИИМи тарабынан Австриядан сатылып алынып, кийинчерээк РФнын жарандарына белек катары ыйгарылган. Ал эми Егор Скобеевдин аялы Елена Скобеева “Kant.kg” жоопкерчилиги чектелген ишкананын жана “Кыргыз куралдары компаниясынын” негиздөөчүсү болуп чыгууда. Ал 2018-жылдын 31-январында негизделип, курал-жарактарды жана ок-дарыларды өндүрүүгө багытталган компания болуп эсептелинет.  Өткөн жылы аталган ишкана бюджетке салык катары 5.500 сом гана которгон.  

Булак:NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83