www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды

Кызгалдак Жакыпова 24-сентябрь 2019, 16:18

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Россиянын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жана ошондой эле Кыргызстан жана Россиянын региондор аралык байланыштарын өстүрүүнүн маанисин белгиледи.

Ошондой эле баарлашуу учурунда Президент Калдарали Маматалиевге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 23-январындагы № 11 Жарлыгы менен Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу түзүлгөн.

Башкы консулдук өзүнө Россиянын Алтай, Алтай крайы, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарын камтыган округ менен түзүлдү.

2018-жылдын алдын ала маалыматы боюнча, Сибирь федералдык округунун аймагында убактылуу/туруктуу жашаган КР жарандарынын саны төмөнкүдөй: Новосибирск ш. жана Новосибирск обл. — 31 934 адам, Кемеров обл. — 2291, Омск обл. — 2750, Томск обл. — 1910, Алтай Республикасы — 121, Алтай крайы — 7 491. Бардыгы болуп Ыраакы Чыгыш Сибирь федералдык округунда 67 485 миң КР жарандары бар.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83