www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Ош шаардык мэриясы криминал менен табакташпы?

Аман Аскаров 24-сентябрь 2019, 17:34

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом


ВИДЕО - Ош шаардык мэриясы криминал менен табакташпы?

Ош шаардык мэриясы шаардын дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаевге карата кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бирок,  ал үч күндөн бери жумушка келбей, телефонун албай жатыптыр. Эгерде жергиликтүү чиновниктин жакында Ош шаарында катталган ок атышуу окуясына тиешеси бар болсо, мыйзам чегинде жоопко тартыла турган болуптур.

Маалыматка ылайык, окуя 21-сентябрь күнү кечинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Ок тийген жаран мурдагы милиция кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулу болгон. Кылмышка шектүү катары эки адам айтылган, бири Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев.

Кийинчерээк облустук милиция, атышуу боюнча эки жаран кармалганын ырастап, бирок алардын арасында Кылыч Саркарбаев бар экендигин ырастап дагы төгүндөп дагы берген эмес. Андан көп өтпөй, Саркабаев кримтөбөл “Женго” менен абакта учурашып, чыгып келе жаткандыгы тууралуу видео социалдык тармактарда кеңири жайыла баштады.

Булак:NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83