www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БОЛГОН ОКУЯ: "Мага өз канымдан, өз жанымдан төрөлгөн бала керек..."

Кызгалдак Жакыпова 24-сентябрь 2019, 17:42

Турмуш


БОЛГОН ОКУЯ: "Мага өз канымдан, өз жанымдан төрөлгөн бала керек..."

Бул шакек качан, кайсы мезгилде кимдин колунан жасалгандыгын билбейм. Менин колума салаарда апам көпкө ойлонуп отуруп акыры ичинен бир нерсеге бел байлап, бир чечимге келген сыңары терең дем чыгарып алып мени чакырды.

-Кызым, биякка келчи, отур момундай. Мына, кечээ эле кип-кичинекей секелек кыз элең. Жемелегениме, жалынганыма  болбой балдар менен так секирип ойноп кетээр элең. Убакыттын учкулдугун кара, ушу сенин бой жетип калганыңды деги байкабапмын. Эми сен да бирөөнүн бүлөсү болгону турасың. Бассам-турсам тилегеним барган жериңден бакыт таап, алдагы мончоктой көздөрүңдөн    кайгы-капанын көз жашы төгүлбөсө дейм. Мен үчүн дале секелек кыз бойдонсуң. Арга канча убакыт өзүнүкүн алат тура, - апам чачымдан сылады.

-Алтыным, мына окууңду деги бүттүң. Иштей турган ишиң бар. "Кыздын барар жери күйөө" дегендей эми күйөөгө чыкпаганда качан чыгасың. Күйөө бала да жакшы жигит экен. Аны менден жакшы билесиң. Кызым, мени ойлондурган ал нерсе эмес, - оор үшкүрүп алган апам көзүмө бир саамга тигилип токтой калды. Кандайдыр бир нерсени  айтсамбы, айтпасамбы дегенсип аябай кыжаалат болуп турган экен.

-Апа, сага эмне болду? - жаагынан ылдый жай куюлуп жаткан жашты аарчый чочуп кеттим. Баятан бери эркелеп отурган жаным, муздак кол денеме тийгенсип этимди жыйрып алдым.

-Биздин тукумдун бакытыбы, же шоруна бүткөн буюмбу, айтор, ушул шакек энеден кызга өтүп канчалаган жылдардан бери, атүгүл тээ  илгертеден,  кылымдардан бери келе жатат. Муну тээ илгери  заманда  бирин-бири чаап алуу, бирин-бири басып алуу күчөп турган заманда элин коргогон бир азамат Кытай тараптан ала келип жакшы көргөн келинчегине салган экен. Ошондон тартып укумдан тукумга уланып, энесинен кызына өтүп жүрүп, мына эми ушул убакка жетти, менден сага өтүп баратат. Эмне үчүн кыздар тарапка берилип калгандыгын билбейм. Бирок, шакек төөнүн көзүндөй болгон кичинекей кыргыз жерин эле эмес, мобу коңшу казактарды, өзбектерди да кыдырып чыгыптыр.

Алгач, ошол Кытайдан келген жери Ат-Башы болгон экен. Мына эми экөөбүз Аксынын Авлетиминде отурабыз. Атадан балага өтсө, балким, ошол Ат-Башыдан бери чыкпас беле ким билет. Бирок, кыз кишинин тагдыры башкача экен да. Алысты жакын кылат экен, сөөк-тамырды узартат экен. Баятан бери кайдагы жомокту айтып отурат деп чочуба. Кудайга шүгүр аркы-беркини түшүнүп, таразалай ала турган эле
жаштасың. Эжеңе караганда мүнөзүң да токтоо. Мына эми убагы келген экен, ушул мурасты сага талшырып, сенин чымындай жаныңды, ыйманыңды Кудай таалама тапшырганы турам.

-Апа, а эмнеге Гулмирага эмес мага беришиң керек?

-Бул да жөн эле берип койчу белек эмес да, кызым. Ооба, Гүлмира эжең күйөөгө чыгаарда да көп ойлонгом. Бирок, анда бир белги болгон эмес. Шакектин мураскорунан да адашпаш керек, кызым. Мындан беш жыл мурун түшүмө аян берген. Мен ушунчалык кооз жайлоодо жүрүпмүн. Жер жайнаган гүлдөрдү карал көзүң кубанат. Тээ секелек кезимдей күйүгө чуркап жүрүп тык токтой калдым. Бирине бири жанаша эки гүл өсүп туруптур. Бири бийигирээк, бири бир аз жапызыраак экен. Мен отура калып жыттасам буркураган жытын айтпа. Үзгүм келип узунуна колумду сунуп барып жапызына кайрылдым. Кайрылган боюнча токтоп туруп калдым. Гүлдүн ичинде жаркырай күнгө чагылышып тирукмуш нурлар чачырал ушул шакек туруптур. Шашып колума карасам, меники да жүрөт, экөө тим эле айрып алгыс окшош экен. Анан менин шакегим да шоолаланып атыптыр. Чочуп ойгонуп кетип көпкө чейин уктай албай жаткам. Анан эле сүйүнүп кеттим. Ошондо "Гүлмира турмушка чыгат" деп шакекти кимге берээримди билбей бушайман болуп жүргөн элем. Чоңуна эмес кичинесине бересиң деген аян болду да, кызым. Бул шакек канчалаган тагдырды өз боюна көтөрүп жүрөт, ким билет. Бир айтаарым, муну көзүңдүн карегиндей сактай көр, кызым. Шакек да сени сактайт. Көп кырсыктын, көп жаманчылыктын алдын алат. Далай кыйынчылыкта сага дем-күч болот. Дайыма ага көз салып, ар бир белгисин байкап жүр. Өзүм эле күбө болбодумбу. Карасаң илгери жасалган жөнөкөй эле күмүш шакек. Бирок алдыгы ташынын кырлары кубулуп өзгөрө берет. Атүгүл кээде кичирейип, кээде чоңойгонсуп калат. Түшүндө да түрдүү сырларды айтат. Ошонун баарын кылдат угуп, таразалай бил. Мунун кусуруна кала кербө, кызым. Мен сезип турам, баргал жериңден баар таап, бактылуу болосун.

Баятан бери сүйлөп жаткан апам ошондо мага кандайдыр чочун көрүнүп, кайсы бир жомокту айтып жаткансып ишенип-ишене албай абдаарып калгам. Анан кантмек элем, ушул биздин күндө мындайды өзүм баштан кечирбей, бирөө айтып берсе "келесоо го" деп күлөөр белем. Бирок, шакектин апам айткан касиети, анын тарыхы кызылдай чындык экен. Мен колума салган күндөн тартып кандайдыр нур мени курчап алып күндүн ысык-суугунан, жаман" көздөн, ачуу сөздөн сактап жүрөрүн кадимкидей байкадым.

Шакек менин тагдырымдагы ар бир өзгөрүштү, жаңылыкты илгиртпей сезет, дайыма алдын ала аян берет. Тун уулум боюмда экенинде врачтар "өзү төрөй албайт, жүрөгү начар экен, операция кылабыз" деген. Мен көнбөй көпкө чейин тартышып отуруп, акыры "өзүңдөн көр" деп жайыма коюшту. Толготкон кезде колумдагы шакегимден жылуу нерсе чыгыл, көзүмө жарк эте бир ачык нур көрүнүп, анан кандайдыр жылуу толкун дене-боюмду каптап, жанымды көзүмө көрсөтүп жаткан оору заматта токтоп, тынчый түшкөнсүгөм. Эсиме үч сааттан кийин келипмин. Өмүрү мындайды көрбөгөн врачтардын таң калганын айтпа.

Көрсө, мен кыйналбай-этпей аман-эсеп төрөп, бирок уктал жаткансып эсим ооп жата берипмин. Атүгүл жүрөгүм да кадимки калыбынан жазбай иштеп атыптыр. Дароо ичимден шакегиме жалынып ырахмат айткам. Апамдын айтканы да туура чыкты. Чын эле жолдошум экөөбүз анча-мынча кер-мур айтышканыбыз болбосо, кармашкан колубуз ажырабай эриш-аркак жашап жатабыз. Эки уулум да жаман өсүшкөн жок. Экөө тең окууларын бүтүп бакыйган жигит болушту. Кудайга шүгүр, экөө тең чоң кызматта иштешет. "Апа-ата" деп көзүбүз менен тең айланып турушат. Жашым өткөн сайым алкымымды көз жашка бууган бир арманым бар. Ал менин кызымдын, мураскордун жоктугу! Жолдошум аны билеби. "Мынчалык арман кыла бербей, инимдин кызын же неберең кыз болсо ошону эле багып алалы" дейт. Ал мени эмне кыйнап жатканын кайдан билет. Мага өз канымдан, өз жанымдан төрөлгөн кыз керек экенин кайдан билет. А менин жатсам-турсам тилегеним, бир жаман чүрпө кыз бала. Али да болсо үмүтүмдү үзбөй келем. Мага шакегим жардам берет.

Булак: ШАМБАЛА


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83