www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ыр-жомокко» айланган Кербен аэропорту тууралуу популист депутат Эргешовду “кой” деп койчу жан барбы?

Кызгалдак Жакыпова 25-сентябрь 2019, 22:20

Саясат


«Ыр-жомокко» айланган Кербен аэропорту тууралуу популист депутат Эргешовду “кой” деп койчу жан барбы?

Канча убактан бери «ыр-жомокко» айланган Аксы районунун борбору – Кербен аэропорту тууралуу маалыматтар сын-пикирге кабылып келет.

Ошол эле Жогорку Кеңеште кыргыздарды кыйратканын мындай кой,  казактардын мал чарбасына тээ илгертен “чоң салым кошуп”, алардан “упчу эмчү” жеңилдиктерди алып келген популист депутат Аламазбек Эргешов эч ким сурабаса деле соцтармактарга “мына, май айынын аягында “Кербен” аэропорту ишке кирет. Сүйлөшүп бүттүк” деген таризде жарыя кылып келет. Же ал убадасынан өзү уялбады. Же биз-аксылыктар, ал депутатты аэропортту өз чөнтөгүнөн бүтүрүп жаткансып мактап бүтө албай койдук.

Ар нерсенин чеги бар го, Эргешов деген эрен депутаттын негизи вазийпасы эмне экенин билеби, деги? Негизи ал демилгени башка партиянын мүчөсү, т.а. убагында Өмүрбек Текебаев каматам деп камата алба койгон алабукалык Исхак Пирматов көтөрүп чыккан го... Эргешов дегени жөн эле "эргешип" алыптыр бул маселеге... 

Жогорку Кеңеш тараткан маалыматка ылайык, 24-сентябрда парламенттин тармактык комитетинде "Кербен" аэропортун ишке киргизүү тууралуу" токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, анда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев аталган аэропорттун имаратын оңдоп-түзөө толугу менен жыйынтыкталып, тиешелүү аэронавигациялык жабдуулар алынганын айтат.

Булак: "NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83