www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандыктар Малаховдун кечирим сурашын талап кылышууда

Айдар Нуралиев 25-сентябрь 2019, 17:54

Миграция Дүйнө жүзүндө


Кыргызстандыктар Малаховдун кечирим сурашын талап кылышууда

Орусиялык журналист Малахов бизди шылдыңдады деген кыргызстандыктар анын кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышууда. Аны социалдык тармактарда #maLOHov деген хештег менен бөлүшүшүүдө. Айрымдар Малаховдун Инстаграмм баракчасына да кечирим сурашын жазып билдирүү калтырышууда.

Эске салсак, 24-сентябрда «Россия 1» каналы Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсү чыгып, ал көрсөтүү миллиардер Александр Маруговдун уулу Владимирдин жол кырсыгынан каза болгонуна арналды. Бул жол кырсыгына Исламбек Акбаров аттуу кыргызстандык таксист күнөөлөнүп жатат. Владимир Маругов 2019-жылы 8-июлда Москва шаарынын көчөсүндө мотоцикл айдап баратып Исламбек Акбаров башкарып бараткан такси унаасын сүзүп каза болгон.

Көрсөтүүнүн алпаруучусу Андрей Малахов талкуу учурунда бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн экендигин айтты. Анын версиясын студиянын айрым коноктору кубаттап кетишти. Ал эми маркумдун апасы Татьяна Маругова муну колдобой, кокустук экенин айтса да көрсөтүүнүн коноктору аны ишендирүүгө аракет кылышты.

Ал эми Малахов өзү болсо көрсөтүүнүн конокторун кыргызстандык таксист тарапка ачык эле көкүтүп баштады. “Рулда 20 жаштагы бок мурун болгон. Ал башка өлкөдөн келип алып, эки ай таксиде иштеген. Ага жүз миң доллар берсең, ал акча анын бүт үй-бүлөсүн, бүт айылды, тууган уругун бактылуу кылат. 10 долларлык айлык алган алар өмүрүнүн аягына чейин мынча ача таба алышпайт”, -дейт Малахов.

“Эксперттер” да Малахов тарапка өтүп алышып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи менен Акбаровдун жактоочусуна сөз бербөөгө аракет кылышты.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83