www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош: “Криминалды, бандиттерди мактоо - жеткен осолдук!”

Кызгалдак Жакыпова 25-сентябрь 2019, 20:12

Кылмыш жана кырсык Саясат


Ош: “Криминалды, бандиттерди мактоо - жеткен осолдук!”

Бул тууралуу журналист Эрнис Нурматов соцтармактагы өзүнүн баракчасына жазып, ал коомчулук тарабынан колдоого алынууда. Тагыраагы, буга чейин ай-күнгө теңеп мактап келген Ош шаарынын мэри Таалйбаек Сарыбашевдин шаардагы спортчулардын ич ара атышына анын да моралдык күнөөсү бар экенин жазышууда.

Пикирди толугу менен беребиз:

“Ала кушту атынан аташ керек...”

- Эгер колунда иштеп жаткан кызматкер атышып жатса, мында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун да моралдык жоопкерчилиги бар.

Болбосо ушундайды сезип, өзү кызматка келгенде мэриянын алдындагы спорттук комитеттин төрагасы Кылычбек Саркарбаевди кызматтан алыш керек эле. Себеби, бул мушкердин репутациясы мурда деле таза эмес болчу. Шаар башчысы тескерисинче, башка муниципалдык мекеме - "Ош-Тазалыкка" мурда журналисттерди сабап жүргөн "Кличко" деген каймана аты бар спортчу Нурбек Исмаиловду алып келген.

Демек мэрге өзүн коргой турган "булчуңбайлар" керек. Балким Сарыбашов аларды башка - көмүскө иштери үчүн да пайдаланышы мүмкүн.

Мындан башка жагдай. Саркарбаевдин спорттогу жетишкендиктерин, адамгерчилигин айтып түгөтө албай жаткан кесиптештер, достор - бул силердин сыпайы кошоматтыгыңар. Криминалды, бандиттерди мактоо жеткен осолдук. Эгер таанышыңар болсо жөн гана комментарийсиз, жагдайга пикириңерди айтпай эле, карманып койсоңор болот. Анткени алар силерди сабаган жок, силерди аткан жок. Силерди кошуп тепкилеп салса да мактай берсеңер, анда сөз жок.

Албетте, адам табиятынан күчтүүлөргө ыктап, физикалык кубаттууларга шыйпаңдамай адаты бар. Эволюциялык жол - социалдык жандыкты ар дайым ушуга мажбурлаган.

Күч - азыркы учурда акча, бийлик менен да ассоциация болот. Башкача айтканда, азыркы замандын кишиси бир эле күчкө эмес, бийлиги бар адамдарга да жалпаңдоого аргасыз.

Эгер бул эки топтун өкүлдөрү бириксе, коомду каалашынча калчайт. Ошону үчүн бийликтеги адамдар дайыма билеги күчтүүлөрдү да кошо ала жүрөт. Мэр Таалайбек Сарыбашов бул тактиканы мыкты өздөштүрүптүр...

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83