www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таласта өткөн “көчмөндөр оюнуна” дагы кыргыздын кай жеринен омуруп жиберишти экен?

Кызгалдак Жакыпова 25-сентябрь 2019, 21:13

Саясат Коом


Таласта өткөн “көчмөндөр оюнуна” дагы кыргыздын кай жеринен омуруп жиберишти экен?

Бул туралуу пикирди журналист Күнболот Момоконов соцтармактагы баракчасына  жазды.

Анын айтымында, аталган иш-чарага 50 миллион сом акча сарпталган. Анын 30 миллион сомуна ат майданы оңдоп-түзөлсө, 2 миллиону "Манас Ордону" оңдоого, 6 миллион сом акча байгелерге жана 12 миллион сому маданий иш-чараларга жумшалган.

Журналисттин пикирин толук окуп көрөлү: 

- Көчмөндөрдү да өткөрүп алдык. Менимче, шаша-буша, чала-була кылгандарыбызды айтпаганда, жакшы өттү.

Жалпы иш-чарага 50 миллион сом акча кетти! Бул мамлекет бөлүп берген акча. Анын 30 миллион сомуна ат майдан салынып, 2 миллион сому "Манас Ордону" оңдоого, 6 миллиону байгелерге, 12 миллиону маданий иш чараларга сарпталды.
Өздүк салымдар, ар бир айыл өкмөт, мекемелер тарткан чыгымдарды эч ким эсептеп деле бере албайт. Кыскасы, бир топ чыгым.
Ой келет да, "Көк бөрүчүлөрдүн Эгемендүүлүк күндөгү утуп алган сый акчаларын берише элек болсо, көчмөндөрдүкү эмне болот?" депчи.

Акчадан аксап турганыбыз ачык эле эмес беле? Анда, Көчмөндөргө кеткен акчалар кайдан келди? 20 млрд сомго жакын акча тартыштыгы менен бекиген мамлекеттин жылдык казынасынын кай жеринен омуруп жиберишти экен?
"Таласты так бутунан тургузат" деп мактап жаткан Жерүй кенинен эмес болду бекен?
Ат майданды куруу үчүн акча бөлүнбөй жатканын уккан жайыбыз бар. Анан эле башталып, 30 миллион бөлүндү болду. Мамлекет акча бөлүп берсе, ат майданды куруу үчүн атайы тендер жарыяланышы керек эле. Тендер жөнүндө сөз деле болгон жок. Кебетеси, Жерүй кенинен Таласты өнүктүрүү үчүн түзүлгөн "Бакубат Талас" фондунан алышты окшойт. Мамлекеттин эмес, жеке тараптагы акчалар үчүн тендер жарыяланбайт эмеспи, мүмкүн тендеринин өтпөгөнү ошондон. Бул эми буйдалактаган ойлор.
Маселе, мында. "Той болоор, тойдун эртеси да болоор" дегендей, бүгүн Таластыктар үчүн башкы "той" төө буурчак түшүмүн жыйноо. Азыр айылда дыйкандар үчүн түшүм жыйнап алуу үчүн комбайндын жетишсиздиги санаага салып туруптур. Төө бурчак картошка эмес, карда калса да жата бергендей. Ал бир жаанда калса, бери дегенде кайра үч күн кургайт. Кургап кетсе жарылып, данеги чачылып кетет. Ушундай машакаты бар. Чачылып кетсе, акча чачылып кетти деген сөз.
Андай болбош үчүн эмне маселе?
Ыңгайы келгенде жыйнап алаар комбайндын жетишсиздиги. Өзгөчө Талас районунда бул маселенин жаралып турушу, жаман кишинин кыжырын келтирет. Башка райондорду жыйнап келгенче, жыйылып кезек күтүп турганы уят эле иш.
Килтейген Жерүй кенинен 170 миллион сом акчаларды алып, бирок айыл өкмөттөрүндө ошол элдин негизги кирешесин берип аткан төө бурчакты жыйнап алаар комбайны жок болсо, элетти эмне кылып көтөргөнү жатасыңар? Миллиондорду кармап олтуруп, пайдасыз оңдоп-түзөөлөрдү жасап, 120 миңден 170 миң сомго чейин (болжолу, колго жасалган) турган комбайн сатып алып койбосоңор, булар элди ойлойт деп айтууга кантип ооз барат?

Көчмөндөр өттү. Бар мыдырыңарды чачтыңар. Тойду жектебейм. Болсун!
Элетти көтөрүү жылында, дотацияда олтурган араң жан айыл өкмөттөрдү эми "элетти көтөргүлө" деп кантип айтабыз? Талас тарап "Элетти көтөрүү жылындагы" миссиясын "көчмөндөр" менен жапты. Салды, курду. Керек, болсо ачылышын да, жабылышында кылып, урматына той өткөрүп салды. Эми кыла турган иш деле жок. Мамлекеттин казынасына калп эле кара күч болбой, акча чогулткуч салыкчылар, электриктер эле калып, калгандары эс алып деле турса болотпу(?) деген ой, аргасыз келет экен.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83