www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТО - Дүйнө чемпиону Айсулууну ажо ата-энеси менен бирге кабыл алып, ага 3 бөлмөлүү үй белек кылды!  

Кызгалдак Жакыпова 25-сентябрь 2019, 21:29

Спорт Саясат


ФОТО - Дүйнө чемпиону Айсулууну ажо ата-энеси менен бирге кабыл алып, ага 3 бөлмөлүү үй белек кылды!  

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда, аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбекова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Айсулуу Тыныбекованы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында аялдар күрөшү боюнча 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик жылдарында эң алгачкы дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады.

«Сенин алтын медалың — бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Буга чейин Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында жеңишке жетип, эми Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болдуң. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Жеңишке жетүү абдан оор болгонун билебиз. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле көп жылдан бери аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келген Нурбек Изабековго жана Айсулуу Тыныбекованын ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Айсулуу Тыныбекова Президентке, жалпы кыргыз элине колдоосу үчүн рахматын айтып, бул жеңишин өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арнаганын айтты. 

Нурбек Изабеков бул мелдеште Орто Азия мамлекеттеринин ичинен жалгыз Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алганын эске салды. Кыргызстан үчүн алгачкы болгон бул жеңишке жетишүү жакшы жөрөлгө экенин белгилеп, көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага КР Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83