www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Доминго сексуалдык асылуу айыбынан улам Метрополитен-операсынан кетет

Айдар Нуралиев 26-сентябрь 2019, 08:32

Дүйнө жүзүндө Борбордук Азия жаңылыктары


Доминго сексуалдык асылуу айыбынан улам Метрополитен-операсынан кетет

Испан опера ырчысы Пласидо Доминго Нью-Йорктогу Метрополитен-операсында “Макбет” оюнуна катышпайт жана театр менен байланышын токтотот. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. 

25-сентябрдагы премьерада Макбет партиясын Домингонун ордуна серб ырчысы Желько Лучич аткарат. Леди Макбеттин ролун орусиялык опера ырчысы Анна Нетребко ойнойт.

Август айында Associated Press агенттиги 78 жаштагы Доминго сексуалдык асылууга айыпталып жатканын кабарлаган. Айыптоо 80-жылдардагы окуяларга негизделген. Сентябрдын башында дагы 11 аял ырчыны сексуалдык асылууга күнөөлөгөн.

Августта Филадельфия Оркестри (The Philadelphia Orchestra) менен Лос-Анжелес Операсы (Los Angeles Opera) Домингонун оюндарын коюудан баш тарткан. Ырчы кыз-келиндердин макулдугу менен гана жыныстык катнашка барганын билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83