www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Асылбек Жээнбеков менен Райым Матраимовдун каршылашуусуна негиз жок

Кызгалдак Жакыпова 26-сентябрь 2019, 10:44

Саясат


Асылбек Жээнбеков менен Райым Матраимовдун каршылашуусуна негиз жок

Эки бала уруша кетсе деле Райым Матраимовду күнөөлөшкөн оппоненттеринин түн уйкулары бузулуп аткан чагы.

Соцтармактарда, айрым жалданма маалымат булактарда аны каралоо байма-бай уланып калат. Жукпаган «жел сөздөр» экенин коомчулук деле түшүнүп бүттү.

Кызыгы, соңку убакта Асылбек Жээнбеков менен Райым Матраимовду кагыштырууга айрым күчтөрдүн кызыкчылыгы шакардай кайнап атканы байкалды. Алысты көрө албаган интригандар бийликтин пайдубалын сындырууга белсенишип, бузукулук кылышса эле элдин башы айланып калмак беле?

Мындай амалдар өзгөчө парламенттик шайлоо астында күчөсө да, береги эки каарманыбыз өз жолдорунда гана кете беришет го. Асылбек Жээнбеков ЖК депутаты катары өзүнүн орду менен болуп, бийлик башкарууга аралашканы байкалбайт. Ал эми Райым Матраимов Түркияда ири бизнес долбоорлорунда эмгектенип жүрөт. Реалдуу жашоодон экеөнүн каршылаш болушуна негиздер жок. Парламенттик шайлоодо болсо, Кудай акы, ар кимиси аракеттерине жараша маңдайга жазгандарын көрүшөт да... Бул туурулуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83