www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Ичсе бир Момбеков эле ичет

Аман Аскаров 26-сентябрь 2019, 11:56

Турмуш Коом Маданият Саясат


ВИДЕО - Ичсе бир Момбеков эле ичет

Жакында мамлекеттик бир телеканалда “мамлекеттин Манаска болгон мамилеси” аттуу көрсөтүү болуптур. Ага окумуштуулар, коомдук ишмерлер, депутаттардын катарынан Рыскелди Момбеков барып катышып келиптир. Бирок, өкмөттөн бир жан барбаптыр. Бул жагдай катышуучулардын канын кайнатып, өкмөткө карата катуу сындар айтылса керек.

Буга ачууланган Момбеков аткаруу бийлиги Манас эпосу боюнча мыйзамдын аткарылышын аткарбай жаткандыгын белгиледи. Мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. 2012-жылы Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы кезинде беш жылдык улуттук программа дагы кабыл алыныптыр. Азыр анын беш пайызы аткарылбай жаткандыгына ачууланган эл өкүлү өкмөттү дагы бир зекип өттү. Андан сырткары, Момбеков “Манас” арагына өзүнчө токтолду. Ал спирт ичимдигин “Кристалл” заводу чыгарып жаткандыгын айтып, ал боюнча төрт ирет парламентте талкуу болуп бир жыйынтык чыкпагандыгын белгиледи ал. Тескерисинче эми ал арактын ассортименти көбөйүп “Бакай”, “Аккула” аталышындагы продукция чыга баштаптыр. “Аз күндө Каныкей коньягы чыкканы калды” – деп жаны кашайды депутаттын. Аракты адамдар ичсе, өкмөттүн канын бир Момбеков эле ичет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83