www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районундагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кызгалдак Жакыпова 26-сентябрь 2019, 14:01

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районундагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна жана Оргочор айылдарындагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган ирригациялык объектилерде иштерди жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 128,2 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады. 

Калыбына келтирүү иштеринин толук жыйынтыкталышы менен дыйкандар үчүн 5 миң гектарга жакын жерлерге сугат сууну ыкчам берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул райондун айыл чарбасына жакшы таасирин тийгизет.

Президент Сооронбай Жээнбеков ирригация системасын жакшыртуу анын жеке көзөмөлүндө экенин өзгөчө белгиледи.

Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына киргизилген 46 ирригациялык объектилердин ичинен 2024-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 31 объект аныкталган. Бүгүнкү күндө 2 ирригациялык объектиде жумуштар бүткөрүлүп, 14дө реконструкция жана курулуш иштери жүрүп жатат.

46 ирригациялык объектинин жыйынтыкталышы менен өлкө боюнча 65 миң гектар жаңы сугат жерлер, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшырат жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөт. Мындан тышкары 245 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83