www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бокко жарабагандар 80-100 миң пенсия алышат экен, алар кимдер?

Аман Аскаров 26-сентябрь 2019, 15:38

Турмуш Коом Саясат


Бокко жарабагандар 80-100 миң пенсия алышат экен, алар кимдер?

Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн кызыктуу бир маалымат угулду. Эми аны маалымат деп деле атайын таркатышпады. Баягыдай эле, өкмөттүн оозунан сууруп алышты эл өкүлдөрү.

Көрсө, өлкөдө 80-100 миң сомдон пенсия алган пенсионерлер бар экен, биз ойлогондой бирөө же экөө дагы эмес экен. Муну Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев Айсулуу Мамашеванын суроосуна жооп берип жатып тастыктады. Аларды персоналдуу пенсионерлер деп дагы атап алышат экен. Бирок, аткаминер алардын ысымдарын атоодон баш тартты. Эми алар кайсыл жеп-жутарлар экенин бардыгы эле билет. Баягы эле экс-пекстериң, сотторуң, солдатынан көп генералдарың, бокко жарабаган, өлкөгө зыянынан башка кымындай пайдасы жоктор да. Эми айына 2 миң сом пенсия алып жаткан пенсионер ушул сумманы укса эмне болот? Кичине бет деле болуш керек да урматтуу эл душмандары!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83