Аман Аскаров 26-сентябрь 2019, 16:15
Турмуш Коом Кылмыш жана кырсык
АКШнын тынчтык корпусунун эки ыктыярчысын Жалал-Абадда бир килограмм марихуана менен колго түшүрүштү. Белгилүү болгондой, милиция Бишкек-Ош жолунда Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Салондо АКШнын “тынчтык корпусунун” эки волонтеру Йии Дэниел Джеймс жана Павел Девяткин болгон. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери негедир ал жарандардын жүрүм-турумунан бир нерсе шекшип, текшерип көрүүнү туура көрүшкөн. Жыйынтыгында бир жүргүнчүнүн алдынан салмагы 1 кг 26 грамм болгон баңги заты табылган. Аны тактоо үчүн табылган зат соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлүп, ал чындыгында баңги заты деген бүтүм чыккан. Өз көрсөтмөсүндө бардык күнөөнү Йии Дэниел Джеймс өз мойнуна алып, Павел Девяткин кое берилген. Ал эми Джеймс Токтогул райондук сотунун чечими менен Жалал-Абаддын СИЗОна эки айга камакка алынган.
Маалым болгондой кармалган АКШ жараны 2017-жылдын август айынан тартып, Аксы районундагы Кулназаров атындагы №56 орто мектебинде англис тил сабагы боюнча ыктыярчылык ишин жүргүзүп келген.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!