www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакындары дайынсыз жоголду деп эсептешкен адамдын өздүгү Москвадан аныкталды

Кызгалдак Жакыпова 26-сентябрь 2019, 18:12

Кылмыш жана кырсык


Жакындары дайынсыз жоголду деп эсептешкен адамдын өздүгү Москвадан аныкталды

Ушул жылдын июнь айынын башында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын жараны, Ысык-Көл облусунун тургуну 1969-жылы туулган С.Т. дайынсыз жоголду деп эсептелген тууганын табышууга көмөк көрсөтүп коюларын суранып кайрылган.

Кайрылууда көрсөтүлгөндөй, Кыргызстандын жараны, Ысык-Көл облусунун тургуну 1998-жылы туулган О.Б. аттуу көп убакыттан бери белгисиз себептер боюнча туугандары менен байланышпай калган. Ал акыркы жолу байланышка 2018-жылдын апрель айынын башында чыккан. Сурамжылоонун жүрүшүндө жаран О.Б. туугандары менен кошо 2017-жылы Москвага иштегени келген. Аны акыркы жолу "Шелковская" метросунун аймагынан көрүшкөн. Туугандары тарабынан көрүлгөн өз алдынча издөө чаралары эч кандай жыйынтык берген эмес.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө кайрылгандан кийин дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жаранын РФдин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына кайрылуу менен Россия Федерациясынын аймагынан издөөнү жана кайда жүргөндүгүн аныктоону уюштуруу колго алынган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн аракети менен Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте дайынсыз жоголгон О.Б. аттуунун кайда жүргөндүгүн тактоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө чаралары жүргүзүлүп, Россиянын ИИМде болгон бардык багыттар боюнча текшерилген.

Бирдиктүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2018-жылдын 12-апрелинде Москва шаарынын Измайловск паркында азият түспөлүндөгү эркектин (асынып өлүү) зомбулуктун белгилери жок өзүн-өзү өлтүргөн жансыз денеси табылып, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн өлүкканага жөнөтүлгөн.

Белгисиз адамдын өздүгү такталып, ал туугандары дайынсыз жоголду деп эсептешкен 1998-жылы туулган О.Б. аттуу болуп чыкан. 2018-жылдын июнь айынын ортосунда эч ким издөөгө албагандыктан мамлекеттин эсебинен жерге берилген. Азыркы учурда тиешелүү процессуалдык аракеттерди жүргүзүү менен окуя боюнча туугандары маалым болуп, эксгумациялоо жана жүк 200тү кичи мекенине жөнөтүү үчүн туугандары тарабынан зарыл болгон документтерди даярдоо жөнүндө маселелер чечилип жатат, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83