www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту

Айдар Нуралиев 27-сентябрь 2019, 17:38

Расмий кабарлар Саясат


Президент Сооронбай Жээнбеков ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү алкагында кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тигран Саркисянды Бишкектеги «Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун ийгиликтүү өтүүсү менен куттуктады.

Евразиялык аймакта ишкердикти өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди практикалык ишке ашырууга сезилээрлик салым кошоруна ишенимин билдирди.

Президент ЕАЭБ алкагында өлкөлөрдүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, өз ара соода жүгүртүүдө тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын дагы бир ирет белгиледи.

Ал 5 жыл аралыгында ЕАЭБ экономикалык интеграциялык биримдик катары өзүнүн туруктуулугун жана натыйжалуулугун далилдегенин баса белгиледи.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян 5 жыл мурда ЕАЭБ алкагында өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктары кандайча иштей турганы боюнча белгилүү бир божомолдор бар болгонун белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө айрым пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү үчүн система толугу менен калыпка келгендигин белгиледи.

Тараптар ошондой эле Ереван шаарында (Армения) өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана «Евразиялык контитенттин потенциалы» эл аралык форумунун жыйындарынын күн тартибин талкуулашты.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83