www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Досубуз, кесиптешибиз колдоого муктаж

Аман Аскаров 28-сентябрь 2019, 13:09

Турмуш Коом


Досубуз, кесиптешибиз колдоого муктаж

Досубуз жана кесиптешибиз Нурис Алымбаевдин кызына тез арада материалдык колдоо керек. Азалия Алымбаева 6 жашта. Апасы Харуми Алымбаева кесиби боюнча мугалим, атасы Нурис Алымбаев-журналист. Эки кыздын ата-энеси. 27-августтан тартып бул үй-бүлөнүн жашоосу түп-тамырынан өзгөрдү.

6 жаштагы Азалиянын тиши ооруганынан улам чоң энеси тиш доктурга алып барып, тишин жулдуртканга туура келген. Ошол маалда кичинекей кыздын оозунан кан шорголоп, тез жардамдын коштосунда тезинен ооруканага жеткирилген. Кома абалында жандандыруу бөлүмүнө жаткырууга туура келген. Кудай жалгап, Азалия комадан чыкканы менен ата-энеси үчүн түйшүктүү күндөр башталды. Ошол күндөн бери Нурис менен Харуми түн уйкудан калып, тилегени эле кызынын сакайып кетиши болууда. Ата-эненин сүймөнчөгүнүн жаагында шишик пайда болгондугу тууралуу кабар күтүлбөгөн жерден болду. Дарыгерлер так дагы диагноз кое албай жаткандыгы абалды курчутууда. Болжол менен гемангиома жана гигантоклеткалык шишик деген дартка шекшип жатышат. Учурда Азалия менен анын апасы Харуми Москва шаарында. Керектүү медициналык кароодон өтүп жатышат. Бирок, доктурлар бир ооздон Азалия өтө кымбат баалуу оор операцияга муктаж экендиктерин билдиришүүдө. Ал дагы бир ирет эмес, бир нече ирет деген бүтүмдү уккан ата-эне учурда бутун коерго жер таппай турган маалы. Учурда Азалиянын сол жаагы катуу жабыркаган. Жаагын алмаштырууга муктаж.

Нурис Алымбаевдин үй-бүлөсү кадимки эле ар бир Кыргызстандыктардай орто кирешелүү үй-бүлөдөн. Кесиптешибиз эң мыкты адам, ишеничтүү дос, кыздары үчүн мээримдүү ата, жубайы үчүн сүйүүктүү жар. Колунан келген жакшылыгын буга чейин эч кимден аяган эмес.  Учурда бул үй-бүлө биздин жана сиздердин колдооңорго муктаж. Жада калса, Москвага билет алуу дагы үй-бүлөлүк бюджетке чоң таасирин тийгизет.  

Азалия тууралуу айтсак, ал ырдаганга, бийлегенге, сүрөт тартканга шыгы бар. Айрыкча "мектеп оюнун" өзгөчө жакшы көрөт. Сиңдисин партага отургузуп алып, сабак окуткандан тажабайт.  

Урматтуу Кыргызстандыктар! Кичинекей Азалиянын сакайып кетишине бирге себепчи болууга чакырабыз. Буга чейин  үйү балдардын күлкүсүнө толгон үлгүлүү үй-бүлө кайра тезинен биригүүгө акылуу. Азалиянын сиңдиси Лилия дагы эжесин чыдамсыздык менен күтүп жатат.     

Кимде ким материалдык колдоо көрсөткүсү келсе төмөнкү даректерге которсо болот:

 "Сбербанк": 4276 4000 3863 1421 - Маденбек Турсунмаматович (Азалиянын апасы Харуминин  Москвадагы агасы);

PayPal,  "Сбербанк" картасына тиркелген, madenbek@gmail.com;

"Яндекс-капчык": 4100110553050308;

АКБ Кыргызстан: 1033221199023281

Мобилдик кошелек "Элсом": 0554450404

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83