www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сынык айфон үчүн эки кыз студент жигитти зордуктап салышты

Нурбек Айдар 28-сентябрь 2019, 11:33

Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


Сынык айфон үчүн эки кыз студент жигитти зордуктап салышты

Татарстанда 22 жана 32 жаштагы эки кыз айфонун сындырганы үчүн 19 жаштагы студентти зордуктоого шектелип жатышат. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул окуя 15-сентябрда Татарстандын Бугульма шаарында болгон. Ошол күнү кыздар бул студент таанышын телефонун карап беришин суранып үйүнө чакырышкан. Студент жигит телефонду чукулап, кайра кайтарып бергенде, ээси анын айнегинде жарака кеткенин байкап, 3 миң рубль төлөп беришин талап кылат. Жок деген жоопту уккан соң, эки кыз студент жигитке карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасап, интимдик “оюнчуктар” менен зордук көрсөтүшкөн.

Ошону менен катар эле, бул окуяларды курбулар кезектешип ошол эле айфонго видеого тартып турушкан. Акырында алар эгер ал жигит айтылган 3 миң рублду таап келбесе, видеону интернетке жайылтабыз деп коркутушуп, аны акча алып келүүгө жөнөтүшкөн.

Тергөөчүлөрдүн билдиришинче, телефондогу жарака жөн гана арам фантазияны иш жүзүнө ашырууга себеп болгон. Ошондой эле 19 жаштагы эр жеткен жигиттин кыздарга эмне үчүн каршылык көрсөтпөгөнүн тергөөчүлөр аныкташууда. Жабырлануучу жигит ал убакта соп-соо болгон. Зордукчу курбулар телефонго тартып алган видео кылмыш ишинин материалдарына тиркелген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83