www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Чалдыбарда кызматкерлер таш бараңга алынды

Нурбек Айдар 28-сентябрь 2019, 14:09

Коом Кылмыш жана кырсык


УКМК: Чалдыбарда кызматкерлер таш бараңга алынды

 

УКМКнын кызматкерлери 28-сентябрда «Чалдыбар-унаажол» текшерип-өткөрүү пунктунда өткөргөн мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө каршы оперативдүү иш-чаранын жүрүшүнө белгисиз адамдар тоскоол кылып, аларды таш бараңга алышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, бүгүн, 28-сентябрда «Чалдыбар-унаажол» текшерип-өткөрүү пунктунан белгисиз адамдар УКМКнын тергөө иштерине тоскоолдук жаратып, кызматкерлерди ташбараңга алышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөө топтун бир нече кызматкери ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Чүй облустук Панфилов РИИБи бул факт боюнча метериалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

УКМК менен ИИМ биргеликте бул окуяга катыштыгы бар адамдар такталууда. Жыйынтыгында тергөө аракеттерине тоскоолдук кылган адамдарга юридикалык баа берилмекчи.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83