www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТОРЕПОРТАЖ - Дүйнөдөгү өзгөчө түгөйлөр. Сезимден маанисиз көз жашка чейин

Алтын Булат 28-сентябрь 2019, 15:32

Турмуш Фоторепортаж


ФОТОРЕПОРТАЖ - Дүйнөдөгү өзгөчө түгөйлөр. Сезимден маанисиз көз жашка чейин

Жашоодо тагдыр табыштырган түрдүү түгөйлөр учурайт. Кээ бирин карап, аргасыз, “Сүйүү азап...” деген макалды эстейсиң.

Эмесе сиздердин көңүлүңүздөрдү өзгөчө түгөйлөр топтомуна бурабыз.

Анда алгач жаш курагында чо-оң айырмачылык бар түгөйлөр тууралуу сөз кылсак. Адатта эркек аялынан улуу болсо билинбей эле кетсе керек. Бирок, Аргентинанын 24 жаштагы тургуну Рейнальдо Вавекче, өзүнөн 58 жашка улуу, тактап айтканда 82 жаштагы Адельфу Вольпес аттуу айымга үйлөнгөн. “Жаштар” бал айын Рио-де-Жанейродо тосушкан.

(сүрөт: Рейнальдо Вавекче жана анын аялы Адельфу Вольпес)

• Биздин кийинки топтомдун каармандары, актер Вен Тройер жана анын көптөн берки дос кызы, кийинчерээк келинчеги болгон – фотомодель жана йога боюнча окутуучу Женевьев Галлен. Бул айым шиш такасы жок турган учурда эле күйөөсүнөн бир метрден ашыгыраак узун болуп калат. Ал турсун татынакай жамбашы менен олтурган Галлен, күйөөсү Тройерден бийик. Моделдин боюнун узундугу 188 сантиметр болсо, актердун бою 88 сантиметр эле чыгат. Бирок, бул нерсе бир канча жыл алардын бактылуу жашоосуна көлөкө боло алган эмес. Ошентсе дагы алар акыры ажырашып кетишкен. Буга аялдагы табигый суроо-талап ашыкча болгондугунан улам эки тарапка кетүүгө аргасыз болушканын Женевьев мойнуна алган.

(сүрөт: Женевьев Галлен менен Вен Тройер. Экс–түгөйлөрдүн боюндагы айырма 1 метрден ашык)

• Эмки кезек салмак жагында өтө айырмаланган түгөйлөр тууралуу кеп учугун улантсак. Жеке ишкер Альберт Хольман салмагы 115 килограммдан ашкан айымга үйлөнгөнү бар. Кантсе дагы ал кадамы менен жеңил ойлуу айрым чүрөктөрдүн оозун “аңырдай” ачырганы гана болбосо, көпчүлүгү буга таң калышкан деле эмес. Анткени Хольманды жакшы тааныгандар, анын чоң айымдарга дилгирленүүсү бар экенин билишкен.

(сүрөт: Альберт Хольман жана анын 115 кг салмактагы аялы.)

• Токтобойбуз, сиздерди таң калдырууну андан ары улантабыз. Кезек, “Сулуу кыз жана желмогуз” тууралуу жомокто. Мына ушул жерден аялдын чыныгы сүйүүсүнүн күчүн көрөбүз, сезебиз. Ал сүйгөнү менен бирге болушу үчүн тышкы келбет эч бир чечүүчү ролду ойногон эмес. Сержант Ти Зигель аскердик кызматына кетердин алдында, сүйгөнү Рененин колун сурап, бирге болуу сунушун киргизген. Тилекке каршы, Зигель согуш учурунда өрттөлгөн танктын ичинде калат. Ти мындан тирүү калганы менен бети-башы толугу менен жаракат алат. Адам чыдап карагыс, коркунучтуу жандыкка айланат. Мындан улам кызды туугандары жана достору үйлөнүү тойдон баш тартууга үндөшөт. Бирок, Ренедеги күчтүү сүйүү башкалардын каршылыгын жеңип чыгат. Турмуштун өйдө-ылдый калчаган соккуларына жана кыйынчылыктарына байлаган бул окуяда, Рене сүйгөнүн кайрадан бул жашоого, экинчи ирет төрөп алгандай болду. Сырткы келбетинен улам чөгүп, сынып калган Тиге үмүт берип, бирге бактылуу жашап кетишерине ишендире алды.

(сөрүт: Сержант Ти Зигель жана анын жубайы Рене. Согушка чейин жана андан кийин)

• Биздин топтомдо – дүйнөнүн эң жаш түгөйлөрү. Жейла жана Хоссе Григгс баш кошушканда 7 жашта болушкан. Экөө Далластагы балдардын медициналык борборунда дарыланып жаткан учурда таанышышкан. Анда Хоссе, Жейланын берилген чыныгы досу болгон. Ошентип, 2009-жылы алардын тою шашылыш бир себептерден улам уюштурулат, бул – жашоодогу ичер суусу аз калганын билген кичинекей кыздын акыркы суранычы эле. Кыздын өтүнүчү менен эң жакын адамдары жана үй-бүлөсү чыныгы үйлөнүү үлпөтүн өткөрүшкөн. Кыздын каалоосундагынын баардыгы болду: гүлдөр, музыка, ижарага алынган залдагы банкет жана лимузин.

Ошентип арадан бир ай өткөндөн кийин Жейла бул жашоо менен кош айтышат, анткен менен анын кыялы ишке ашты.

(сүрөттө: эң жаш үй-бүлө Жейла жана Хоссе Григгс.)

• Дагы бир өзгөчө түгөйлөр. Бул жолку “жаштардын” дагы жаш өзгөчөлүктөрү бар. Болгондо дагы кыйла чоң өзгөчөлүк. Эки башка кылымдын өкүлү жашоо багытын бир байлашкан. Тагырагы Сомалинин 112 жаштагы тургуну Ахмед Мухаммед Доре (Ahmed Muhamed Dore) өзүнүн кыбырасы менен тең келген 17 жаштагы Сафире Абдуллехти (Safia Abdulleh) аялдыкка алган. Сафире, Ахмеддин алтынчы токолу. Экөөнүн ортосундагы айырма 95 жаш. Жүздөн ашкан чал өзүнүн көп жашагандыгынын себебин, “мен келинчегимдин бойго жетүүсүн күттүм” – деп айтып түшүндүргөн.

(сүрөттө: 17 жашар токол Сафире Абдулех)

Эми дүйнөдөгү өзгөчө түгөйлөр тууралуу окуялар топтомун жыйынтыктап жатып, “десертке” жүрөктү элжиреткен түгөйлөрдүн укмуштуу окуяларын айта кетпесек болбойт.

• Анна жана Борис Козловдор үй-бүлөлүк жашоонун болгону 3 гана күнүн жашаганга үлгүрүштү. Алардын ошондогу бирге согуп жаткан жүрөктөрүн согуш ажыратты. Борис Кызыл армиянын катарында фронтко кетип, бактыга жараша тирүү кайтып келди. Бирок, ал кайтып келгиче сталиндик "тазалоонун” натыйжасында, анын келинчеги Анна жана анын үй-бүлөсү Сибирь сүргүнүнө айдалышат. Ошентип, арадан 60 жыл өткөндөн кийин, алар бири-бирин кокусунан таап алышты! Борис 80 жашка чыкканда, бир туугандарынын мүрзөсүнө гүл коюп эскерүү үчүн туулган шаарына келген. Машинадан чыгып эле алгач өзү жана аялы экөө баягы үч күн жашаган үйдү издеп кирди...

(Сүрөттө: Анна менен Борис Козловдор 60 жыл мурда)

- “Мүмкүн эмес..., мүмкүн эмес...”. Көргөн көзүнө ишене албай нес-мас болгон Анна Бористин маңдайынан чыга калды. Чындыгында алардын жашында нуру качкан көз алдап коюшу мүмкүн эле да. Бирок андай болбоду, көз дагы, жүрөк дагы арзышкан түгөйлөрдү адаштырбай табыштырды. (Сүрөттө; Борис жана Анна. 60 жыл ажырашуудан кийин)

- Жүрөгүм кабынан чыгып кетейин деп атат. Чын эле бул Борис сенсиңби?

- Ооба, ооба, бул мен... мен Борис..., менин сүйүүм, менин жашоом. Мен сени канча издедим...

кусалыктын жаштары аралаш таамп жатты, жүздөрү жашка жуулганына кайыл эки жүрөк, ортодо жоготкон убакытты толуктоого ашыгат...

Ушуну менен түгөйлөргө арналган макалабызды жыйынтыктайбыз. Эгер сиздерге жаккан болсо, макаланын алдына пикир калтырыңыздар. Аны менен сиздер бизге мындан дагы да кызыктуу макалаларды даярдоого түрткү болосуздар. Кийинки макаладан кездешкенче!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83