www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сизге кирне кирди беле? Оозуңузду чоң ачып эсингенде кирне бастырып көргөнсүзбү?

Айдар Нуралиев 30-сентябрь 2019, 09:26

Ден-соолук


Сизге кирне кирди беле? Оозуңузду чоң ачып эсингенде кирне бастырып көргөнсүзбү?

Кыргыздарда ден соолукту сакайтуучу ырым-жырымдар көп. Алсак көпчүлүк адамдар оозун чоң ачып, эсинип, башы айланып кусуп калганда, ата-энелерибизи "кирне кирип кеткен окшойт, кирнечиге бастырып кел" дешет. Кирнечи өз ырым-жырымдарын жасагандан кийин заматта сакайып, өзүнө келе калган инсандар толтура. Айрымдар бул көрүнүшкө ишеним көрсөтпөй сыр бербегени менен ишенбеске арга дагы айла дагы жок. Бүгүн биз, академик, парапсихолог, эниоинженер Лариса Асанбекованын кирне тууралуу макаласын сиздерге сунуштайбыз. 

КИРНЕ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Бүгүнкү темабыз негативдүү энергиянын катарын толуктаган кирене туралуу болмокчу. Аты айтып тургандай, бул адамдын жука денесине кирип алып жашаган жана энергомаалыматтан жаралган энергожандыктар. Адамзат үчүн бул энергожандыктар бир топ көйгөй жаратып, ден соолугуна зыян келтирет. Негизи терс энергетикадан пайда болгон энергожандыктардын түрлөрү көп, бирок баарынын эле тийгизген зыяны бирдей. Мындай терс жандыктарды кыргыздар жалпылап эле кирене деп коёт. Гезитибиздин мурунку сандарында айтып өткөндөй кара дуба, көз тийүү, каргыш, ысытма, суутма сыяктуу терс энергиялар бир адамдын экинчи адамга карата магиялык жол менен же эмоциялык абалда жиберген энергиясынан пайда болсо, кирене адамдын өзүнүн ички жан дүйнө энергиясына жараша пайда болгон жандыктар. Түшүндүрүп айта турган болсок, адам өзү жаман ойлорду ойлоп же жаман адатка көнүп алгандан жаралган терс энергия. Мисалы, терс энергияны жараткан жана чакырып турган баӊгизат, тамеки, ичкилик, сөгүнүү, ичи тардык, көралбастык, кызганыч, жек көрүү, битир (зыкым) сыяктуу терс сапаттан жаралган энергиядан пайда болгон энергожандыктар. Бул жандыктар адамдын психологиялык энергиясынан азык алып, кадимкидей көбөйөт, чоӊоёт.

Негизи терс энергиядан пайда болгон энергожандыктардын баары эле ден соолукка терс таасирин тийгизет. Айырмасы - жогоруда айтып кеткендей, киренени башка адам атайын ыкма менен бирөөнүн денесине киргизбейт. Баса, кыргыздар, “баланчанын киренеси кирип кеткен окшойт” деп калышат. Ооба, башка адамдын энергоденесиндеги кирене адамга кирип кетиши мүмкүн. Демек, ал адамдын жан дүйнөсүндө киренени “чакырып” турган окшош энергиясы болсо, ошондо гана башка бирөөнүн киренеси кирип кетет. Ошондой эле коргоп туруучу энергиясы алсыз болсо да башканын киренеси кирип кетет. Мисалы, массаждоочулар же биоэнергетиктер, колу менен тазалаган табыптар оорулуунун денесин укалап же кармалаганда коргоп туруучу энергиясы алсыз болсо, оорулуунун киренеси кирип кетет. Ошондуктан, колдун энергиясы менен иштеген табыптар, массаждоочулардын энергетикалык коргоочусу күчтүү болуш керек жана өздөрү таза болуш керек. Болбосо, оорулуунун терс энергиясын өзүнө тартып алуу коркунучу бар. Кирене кирген адамда кандай өзгөрүштөр болот жана кандай белгилерден кирене киргенин билсе болот?

КҮҮГҮМДӨ КҮЛ ТӨКПӨ

Кирене терс энергиялуу жерлерде да болот. Жогоруда айтып өткөндөй, кирене адамдын терс оюнан, кылык-жоругунан жаралат дебедикпи. Алар паралелль дүйнөнүн энергожандыктары жана терс энергиядан гана азык алат. Адамдардын денесинен орун ала албай калгандары терс энергиялуу жерлерден орун алат. Мындай жерлер таштанды, күл төгүлгөн, саз жерлер же жердин өзүнөн чыккан терс энергиялуу жерлер болуп саналат. Жердин өзүнөн кандай учурда терс энергия чыгат? Жердин алдында жаракалар болот, ошол жарака жерлерден терс энергия чыгып турат да терс жандыктар азык алыш үчүн ошол жерге топтолот. Ал эми адамдар терс энергиялуу жерди басканда алар адамдын жука денесине кирип алат. Мисалы, кыргыздар бул тууралуу илгери эле билген. Ошондуктан “күүгүмдө күл төккөн жерди баспа”, күүгүмдө таштанды ыргытпа”, “күүгүмдө мүрзө аралаба” дешет. Себеби, терс энергожандыктар күүгүмдө активдүү болушат. Мындайча айтканда, алар “сменага” келген учур болуп, күчтүү болушат. Ошондой эле таӊга маал “сменадан” кетээр учурда да күчтүү болушуп, бул учурду кыргыздар “таӊ каракчысы” деп атап коюшкан.

АЧ АРБАК, КӨРҮМЧҮ

Мисалы, мүрзөлөрдө “ач арбактар” күүгүмдө активдүү болушат. Ач арбактар деген эки дүйнөнүн ортосунда калган терс энергиялуу адамдардын жаны. Алар өз дүйнөсүнө кете албай калгандыктан тирүү адамдардын психологиялык терс энергиясынан азык алып жашайт. Мындай терс энергиялуу жандыктар кээде материяга айланып, адамдардын көзүнө реалдуу көрүнө баштайт. Мындайларды кыргыздар “көрүмчү” деп атап келишкен. Өз ажалынан мурун өлгөндөр, атайын ырым-жырымы жок көмүлгөндөр, өз жанын кыйгандар ач арбакка айланат. Ошондой эле адам өлгөндө өтө кайгырып, өлгөн адамдын жанын жакындары коё бербей койсо да жан өз дүйнөсүнө кете албай, жакындарын кыя албай эки дүйнөнүн ортосунда калып, айласыздан “ач арбакка айланат” да, тирүү адамдардын терс энергиясы менен азыктанганга туура келет.

Жогоруда айтып өткөндөй, терс энергожандыктардын аӊ-сезими жок, бирок аларда азык алууну каалоо күчтүү болот. Ошондуктан адамдын биоталаасына, башкача айтканда, жука денесине кирип алган терс жандыктар “курсагы ачканда” адамды терс жакка түртүп турат. Себеби, алар адам бөлүп чыгарган терс энергиядан гана азык алат. Ал эми адам кайсы убакта терс энергия бөлүп чыгарат?
Ооруганда, кайгырганда, нааразы болгондо, жинденгенде, зыкымданып битирегенде, терс ойлорду ойлогондо, сөгүнгөндө, катуу корккондо, ичкилик, баӊгизат, тамеки колдонгондо, зиркилдеп нервденгенде, кызганганда ж.б. терс сапаттар терс энергия бөлүп чыгарат. Ал эми терс энергожандыктар адамды ошондой терс энергия бөлүп чыгарууга түртүп турат. Ошентип адамдар руханий жактан таза болуп, жан дүйнө энергиясын таза жана сапаттуу кармабаса, терс энергожандыктар кирип алганы аз келгенсип, терс кыял жорук, терс адаттарга түртүп, башкарып турат.

КИРЕНЕ КИРГЕНДИН БЕЛГИЛЕРИ

1. Эгерде адамда кандайдыр бир өзүнө эч бир пайда алып келбеген жаман адатка көз карандылыгы болсо, анда ал адамдын энергоденесинде кирене бар. Мисалы, ичкилик ичүү, сөгүнүү, баӊгизат, тамеки колдонуу, тамакты өтө көп жеп, тойгонун билбөө ж.б.

2. Эгерде психоэмоцияга байланышкан депрессия, жинденүү, эч нерсени жактырбай зиркилдөө, себепсиз бир нерседен коркуу сезими бар болсо, демек кирене кирген.

3. Эгерде уйкуӊар тынч болбой, түнү менен жаман түш көрүп кыйналып чыксаӊар, эротикалык түштөрдү көрсөӊөр, кирене бар экенинин белгиси.

4. Уйкудан ойгонгондо денеӊер эс албай эле түнү менен тонналаган жүк ташыгансып чарчап калуу жана тура калып эле көнүмүш терс адатка байланган нерсени жасоо, демек кирене бар экенинен кабар берет.

5. Көк желке тырышып, бел арка, башы көп ооруса да кирене бардыгынан кабар берет.

6. Эгерде буту-колуӊар жылыбай муздап турса, демек кирене кирген.

7. Эгерде эки бөйрөк салаӊдап ылдый тартып жана муздап турса, анда да терс энергожандык кирип алган.

Жогоруда айтылган белгилерди байкап калсаӊар, сөзсүз түрдө тазаланыш керек. Кирене - бул адамдын терс оюнан, терс кыял-жоругунан, терс адатынан пайда болгон параллель дүйнөнүн энергожандыктары. Бирок, алар адам баласы бөлүп чыгарган терс энергия менен азыктанат. Ошондуктан алар адамдын жанына жакын жашайт. Энергожандыктардын аӊ-сезими жок, бирок адамдын терс жана төмөнкү аӊ-сезими аркылуу жашап, бара-бара чоӊоюп, күчкө толгон кезде адам баласын башкарып алат. Адам өзү жараткан энергожандыктын тутукуну болуп, эрки жок, терс адаттын кулу болуп байланып чыга албай калат.

КИРЕНЕ КИРГЕН АДАМДЫН АБАЛЫ

Кирене деп аталган астралдык дүйнөнүн энергожандыктары көбүнчө көп буту-колу бар жандык сыяктуу көрүнөт. Аларды бир эле нерсеге окшоштурууга болбойт. Себеби, алар өз формасын өзгөртүп турганга жөндөмдүү. Ошондой болсо да кирене жандыктары биоталаага киргенде адамдын башынан баштап бутуна чейин арбайган, тарбайган “колдору” менен чыгарбай” кармап” алганы аз келгенсип, кармаган органдардын энергиясын “соро” баштайт. Мисалы, желкеге жайгашса, желке тырышып, ачышып ооруп, кан басымды жогорулатат же төмөн түшүрүп “секирип” турат. Башына жайгашса, баш тынбай ооруйт. Кулакка жайгашса, кулагы жакшы укпай же зыңылдаган үн чыгып баштайт. Төбөсүнө жайгашса, адамдын жашоо энергиясы алсызданат. Мындай учурда кандай оору болбосун шак эле “жабышат”. Кыскасы, дененин кайсы жерине жайгашпасын, энергия соруп оорутуп турат. Эмесе, гезитибиздин кийинки санында жогоруда айтылган терс энергиялуу жандыктардан кантип сактанса же тазаланса болорлугу тууралуу сөз болмокчу. Андыктан “Асман плюс” гезитин калтырбай окуӊуздар.

Лариса АСАНБЕКОВА, академик, парапсихолог, эниоинженер

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83