www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада эки баштуу наристе төрөлдү

Нурбек Айдар 30-сентябрь 2019, 10:51

Дүйнө жүзүндө


Украинада эки баштуу наристе төрөлдү

28-сентябрда Украинанын Черновцы шаарында эки баштуу кыз жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу украин басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ымыркайдын денеси бирөө, башы экөө. Мурда, наристе энесинин боюнда кезде, бала туура эмес чоңоюп келе жатканы айтылган менен, энеси боюнан алдыртпай койгон. Бул анын биринчи төрөтү экен.

Кийин ымыркайдын сиам эгиздери экендиги айтылды. Наристелер учурда төрөт үйүндө, эми балдар ооруканасына которулары айтылган менен, ымыркайлардын жана алардын энесинин абалы тууралуу маалымат жок.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83