www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкөндөр барбы?

Темирлан Келдибеков 02-октябрь 2019, 13:18

Эл пикир


Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкөндөр барбы?

Коррупция дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө бар. Бирок анын деңгээли канчалык, коррупция деген аз-аздап жана коррупциянын баткагына тыгылган мамлекеттер бар. Канчалык коррупциясы аз мамлекеттерде, ошончолук адамдардын жашоо деңгээли жогору, канчалык мамлекет коррупциялашып кетсе, ошончолук элдин шору.

Кыргыздар ким коррупция менен күрөшсө, бутунан тартып турабыз

Раим Матраимовдун Бажыга төрага орунбасары болуп келиши Атамбаевдин Бажыда калыптанып калган, чирип калган ишмердүүлүгүнө катуу сокку урган. Атамбаевдин “любимчиги” Кубаныч Кулматов Бажыда төрт маал тиешелүү адамдарды кабыл алып “жем” жеп турган. Кытайдан бери өткөн фуралар мамлекетке тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөй, бажычылардын капчыгына төлөгөн адатка айланган. Мамлекет мындан канча чыгым болуп жатканы менен иши жок бажычылар “сол” капчыкка түшкөндөрдү түз эле Бишкектеги жетекчилерине жөнөтүп турган. Мисалы, күнүгө төрт маал “жем” жеген Кулматовго окшогон коррупционерлер да кимдир бирөөлөргө тапкандарын берип турган.

Ушундай май-талкандуу заманда коррупциялык жолдун таш-талканын чыгарып Раим Матраимовдун келиши Атамбаевдин алкы бузуктарынын уйкусун качырып, алар Атамбаевге арызданышып, аны жок кылууну көздөп калган. Раим Матраимов ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогон, бул убактылуу болсо да Атамбаевдин аны жоготууга болгон көрсөтмөсүн токтотуп турган. Арийне, супермаркетте болгон чырдан соң, Атамбаев Сапар Исаков аркылуу Матраимовду кызматынан четтетип, чет мамлекетке куугунтуктап, өзүнүн кылган күнөөлөрүн бүт Матраимовго жүктөгөн:

  1. Атамбаевдин Назарбаев менен нааразыланышынан улам казак чек арасы жабылып, бажыга акча аз түшүп калган. Ал эми чек ара ачылган соң, бажыга төлөмдөр көп түшүп калган. Атамбаевдин командасы муну бетке кармап, Матраимов убагында бажыга аз түшчү, Матраимов кетип бажыга төлөмдөр көп түшүп калды деген жыйынтык чыгарышкан.
  2. Атамбаев Матраимов келе электеги коррупциянын барын аны мойнуна илген.  

“Ак ийилет, бирок сынбайт” Раим Матраимов сот тарабынан толук акталып, элге жүзү жарык экенин көрсөттү. Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мындай идеясын сөз бойдон калтырбай, коррупция менен күрөшүп келаткан инсандардын негизгиси Раим Матраимов.

Бир икая бар еврейлерди, орустарды  жана кыргыздарды үч казанга салып кайнатып жатат имиш. Анан ар бирин ондогон адамга кайтартып коюшат. Карашса эле еврей жаткан казанда кайтаргандардын барынан алка-шалка тер кеткен, еврейлер улам бири чыгып эстерин оодарган. Орустарда тытышып отуруп кеп-кеңешке келип, бирөөнү чыгарып коюшкан экен. Аны төбөгө чапса жок болот. Кыргыздарга келсе кайтарган эч ким жок, ким өйдө чыкса, аны бутунан тартып ылдый түшүрүп коюшат.

Кыргызстандагы эң бай адамдардын тизмесин карап отуруп таң калдым. Бул жерде Раим Матраимовдун аты-жөнү тизмеде № 27 деп турат. Тизмедегилер Кыргызстанга атак-даңкы чыккан, саясат менен алпурушуп жүрүп чарчабаган нойондор. Ал эми эч кимге билинбей жашынып жаткан, бирок Раим Матраимовдон ашкан сасык байлар канча? Анда эмнеге Атамбаев менен “Азаттыктын” ыргыткан ташы эле барып шак эле аны көздөй бурулат?

 Атамбаевди тергешкен “Азаттык” эң байлар жөнүндө эмне дейт?

“Азаттыктын” журналисти Кубанычбек Жолдошевдин 2017-жылы 31-июлда жазган “Кыргызстанда барынан ким бай?” деп жазылган журнал менен таанышалы. “Азаттык” шар дегенде эле калыстыктан тайган, караңыздар: “Бул журнал 128 жылмаланган беттен туруп, 1000 нуска менен чыккан. Тизмеде негизинен Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Убактылуу Өкмөттүн учурунда жогорку постторду ээлегендер жана ушул күнгө чейин мамлекеттик маанилүү орундарды ээлегендер”-деп жазат 2017-жылы. Суроо туулат, эмне үчүн Алмазбек Атамбаевдин учурунда деп ачык жазбайт? Же Атамбаевди “Азаттык”  тергешеби?

Атамбаевдин заманында депутат болуп, “Кыргызстан” партиясын түзүп жетектеген Шаршенбек Абдыкеримов деген бар. Бул жигит кедейби, кедей болсо ал Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясын кайсы акчасына куруп берди? Акаевдин убагында да, кийин Максим Бакиев менен, анан Атамбаев менен коюн-колтук алышкан Шаршенбек Абдыкеримовго “Азаттык” эмнеге кир жуктурбайт.

Атамбаевдин СДПК фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков да оңой-олтоң байлардын бири эмес, бирок андан кийин СДПК фракциясын жетектеген, Кыргызстандагы чоң көпөстөрдүн бири, учурунда Атамбаевди “журт атасы” деп жүрүп, Беш-Күңгөйдөгү дачасында баалуу ичкилик менен сыйлап жүргөн, Атамбаевдин буту кызматтан тайыр менен терс караган Иса Өмүркуловго салыштырмалуу калыстык кылды.

“Азаттыктын” жазгандары кээ бир жерлери туура бул тизмеге журналдан алып бардык өкмөт башчыларын кийириптир. Анан мурунку Каржы министрлери Болот Абилдаев, Акылбек Жапаровду кийирет. Ошол эле жерде мурунку башкы бажычы Мурат Малабаев менен Райымбек Матраимовду турат. Ал кезде бажынын төрага орунбасары деп баса белгилеп, эмнегедир Матраимовго башкача түс берип бөлүп жазган. Сөз мындай болсун, бизге бул журналдын да, “Азаттыктын” да ал журналга берген баасынын кереги жок. Эмне үчүн 2017-жылдын 31-июлунда “Азаттык” Матраимовду өзүнчө бөлүп жазган. Балким, ошол мезгилден Атамбаевдин ага болгон тескери көз карашы “Азаттыктын” ушинтип жазуусуна түрткү болгондур.

Коррупция боюнча Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлде канчанчы орунда?

Дүйнөдөгү мамлекеттерде коррупцияны аныктап, аларга баа берип, коррупциянын өйдө – ылдый жылышына көз салып турган Transparency International деген эл аралык өкмөттүк эмес уюм бар. Бул уюмдун берген баасы боюнча Кыргызстанда коррупция каршы күрөш жанданып, бир-эки жылдын ичинде бир топ оозуп, бута атым алдыга чыгып кеткен. Бекер жерден президент Жээнбеков 2018-жылдын февралында алгачкы жыйындарынын бирин коррупцияга каршы күрөшүү менен баштаган жоктур. Азыр Transparency International уюмунун былтыркы 2018-жылга карата берген маалыматына саресеп салып көрөлү:

Эң коррупцияланышкан мамлекеттер Сомали,Түштүк Судан, Сирия, Ооганстан, КЭДР,  Венесуэла, биздин мурунку союздаш мамлекеттерден Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан. Эми Сомали, Ооганстан, Венесуэлаларды  мындай койолу өзүбүздүн Борбор Азия боюнча коңшуларыбыз баткакка тыгылып калган.

1995-жылы ушул рейтинг чыкканда биз коңшуларыбыз менен бирдей деңгээлде элек. Биздин алдыбызды көздөй теминишибизге 2005-жылдан баштап Курманбек Бакиевдин заманында Каржы жана экономика министри болгон Акылбек Жапаровдун жигердүү эмгеги бар. Ал кезде биз таптакыр коррупцияланышпай калдык деп айтуудан алысмын. Бирок, маалымат беттеринде коррупция жөнүндө сөз көп козголуп, коррупция жана башка көптөгөн рейтингдер боюнча алдыга чыгып кеттик.

Ал эми Алмазбек Атамбаев бийликке келгени коррупция, рейтинг сыяктуу сөздөр кан буугандай токтоду. Дагы эле Каржы министри болгон Акылбек Жапаров да бул тууралуу сөз кылбай калды. Transparency International уюмунун рейтинги боюнча артка сүрүлүп отуруп коңшуларыбызга чукулдап баратканбыз.

2019-жыл боюнча жыйынтык чыга элек, ал эми 180 мамлекеттин ичинен далай мамлекеттерди алардын ичинен дөөдөй-шаадай Орусияны артка таштап, бир жыл ичинде рейтинги тез көтөрүлгөн Кыргызстанга баракелде. Буюрса, азыркы шартта Раим Матраимовдой  коррупция менен күрөшүп жаткан инсандарыбыз турганда, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча дагы ондогон мамлекеттерди артка таштарыбыз ажеп эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83