www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Комитет отуруму мал базарга айланганын депутаттар мойнуна алышты

Алтын Булат 30-сентябрь 2019, 17:06

Саясат


Комитет отуруму мал базарга айланганын депутаттар мойнуна алышты

“Кыргызстан профсоюздар бирикмеси мамлекетке эмес, мүчөлөрүнө отчет берүүгө милдетүү”!  Мындай пикирин аталган бирикменин төрагасы депутаттарга жооп катары айтты.

Жогорку Кеңештин депутаттарын чиновниктин айлыгы кызыктырды. Тагыраагы бүгүн, 30-сентябрда, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин отурумунда депутаттар профсоюздардан отчет алышмакчы болгон. Бирок ал максатына толук жетпей калгандай. 

Депутат Кожобек Рыспаев төраганын айлыгы 240 миң экенине кызыккан. Темирди кызуусунда чабайын дедиби, айтор, мындай дарегине айтылган сөзгө аталган уюмдун жетекчиси Элдар Тажибаев сөз алып, чукул жооп кайтарды. Айтымында, эгер депутат айткан айлыкты далилдеп берсе, ошол эле замат арыз жазып кызматтан кетет экен. Ал эми депутат далилдей албаса, келерки шайлоого катышпай турганына сөз бериши керек.  Кожобеков буга көнчү беле, шарт койбой, суроого жооп берүүнү талап кылды. Кызыраңдаган чиновник болсо айтканынан кайтпай экөөнүн ортосунда кер-мур чыкты. Буга арачы болгон Садык Шер-Нияз, “ММКлар эртең эле парламентти мал базар кылышты деп жазып чыгышат” деди.

Белгилей кетсек, комитеттин отурумунда Кыргызстанда профсоюздарга мүчө болгон 754 миң адам бар экени айтылды. Ал эми бирикмеге түшкөн акчанын эсеби жана анын кайда жумшалары такталбаган бойдон кала берди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83