www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркектерди зордуктап, аны видеого тартып алышчу

Айдар Нуралиев 30-сентябрь 2019, 18:16

Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


Эркектерди зордуктап, аны видеого тартып алышчу

Татарстанда бир эркек менен бир аялдан турган кылмыштуу топ эркектерди саунага алдап алып келишип, зордуктап, аны видеого тартып, акча талап кылып келишкен. Бул тууралуу маалымат Набережные Челны шаарынын прокуратурасынын сайтына чыкты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 39 жаштагы Б. аттуу эркек А. аттуу аял менен биргеликте 2016-жылдан бери жок эле дегенде жогорудагыдай үч кылмыш кылышкан.

Белгилүү болгондой, ал аял социалдык тармактар аркылуу курмандыктарын издеп таап, ага саунада чогуу эс алууну сунуштап келген. Ошентип курмандыгы экөө саунада эс алып жатканда Б. келип калат да, келин менен эс алып жаткан эркекти бычак менен коркутуп зордуктап жүрчү. Бул окуялардын баары видеого тартылып, эгерде акча бербесе интернетке жайып жиберебиз деп коркутушчу экен.

Учурда тергөө аяктап, иш сотко жиберилген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83