www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков: "Улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз"

Айдар Нуралиев 01-октябрь 2019, 09:34

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков: "Улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз"

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырман карыялар!

Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

"Карысы бардын ырысы бар", „Карынын сөзүн капка сал“ деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.

Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз.

Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү —  азыркы муундун милдети.

Мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулат.

Карыларыбызга болгон камкордук аркылуу мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу жана коомдун моралдык деңгээли бааланат.

Андыктан баарыбыздын алдыбызда чоң жоопкерчилик, ишке ашырыла турган максаттар турат.

Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү.

Майрамыңыздар менен кадырлуу карылар!

Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп жашооңуздарды каалайм!»

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83