www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы парламентке тизмелер такталып жатат, азыркы депутаттардын көбү ай-талаада калчудай

Темирлан Келдибеков 01-октябрь 2019, 11:32

Эл пикир


Жаңы парламентке тизмелер такталып жатат, азыркы депутаттардын көбү ай-талаада калчудай

Философияда таанууну таануу деген мыйзам бар, ушуну негиздесек парламентке өмүр бою жабышып албай, жаңырып туруш керек, жок дегенде теңме-теңи. Азыркы учур өзгөчө, анткени, “Ата-Мекен” партиясынан башкаларынын тагдыры Чуңкурчак жайлоосунда чечилгени бышык. СДПК менен “Кыргызстан” партияларынын тизмесин Атамбаев айлана-тегереги аркылуу түзсө, “РАЖ”, “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмесин бир сыйра карап, аларга парламентке өтүшүнө “добро” берген. Бир гана Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” партиясы менен бириккен “Ата-Мекен” партиясына бут тосулган. Бирок, “Ата-Мекен” партиясы тосмодон өтүп кетсе, Мырзакматов сыртынан жети жылга кесилип кеткен.

“РАЖ” фракциясынын иши бүттү, “РӨП” фракциясы түзүлүшү мүмкүн

Бул чакырылышта эң шордуу фракция “РАЖ” болду. Шайлоо учурунда кыркынчы номер менен келаткан “РАЖ”дын тең төрагасы Камчы Ташиевдин таш-талканы чыгып кетти. Шайлоо ортолоп калганда экинчи тең төрагасы Өмүрбек Бабанов өнтөлөп Москвага качты. Бул фракция ар кимдин колунда тебелендиде калды. Ташиев “Ата-Журт” партиясын бөлүп кетип, шайлоолорго өз алдынча катышып жүрөт. “Ата-Журт” 2017-жылдагы президенттик шайлоодо мурунку өнөктөшү Бабановду эмес, бийлик таптаган талапкерди колдоду. Анчалык муратка деле жеткен жок.

Ал эми мурун Бабановдон бөлүнүп кеткен Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодо өзүн Бабановдун премьер –министри катары сезип калган. Дагы бир “Республиканын” тонунан чыккан Алтынбек Сулайманов жетектеген ”Бир бол”, эки жакты тең колдобой калыс принципти тутту. Ал эми “Республиканын” фракция жетекчиси болсо да Бабановду премьер-министрликтен оодарууга эмгеги зор, кийин “Кыргызстан” фракциясын жетектеген Канат Исаев чаң-тополоң болсо да Бабановго президентти алып берем деп жулунуп калган.

“Ата-Журттун” лидери Ташиев балким кайрадан Бабанов менен кучакташып, шайлоого баргысы келер. Арийне, анын электораты буга макул болбойт. Бир адам бир адамдан бир гана жолу “кидать” этилиш керек. Азыркы кырдаал Төрөбаевдерге оор. Мурун чалчаңдап Түштүктүн эки тизгин, бир чылбырын чоюп келген. Бүгүн жаңы партия түзүлсө, ал партия Ташиев, Текебаев, Мадумаров, Төрөбаев, Сулайманов, Мырзакматов сыяктуу партия лидерлерин башынан сылап эркелетпейт. Жаңы партия аларды-тебелеп тепсеп, жанчып, жок дегенде 50-60 пайыз добуш алышы мүмкүн, андан да көп алмак, арийне Конституция жол бербейт, 60 пайыз чек. Ошондуктан, башы иштегендердин бары бул жаңы түзүлө турган партияга өтүп кетет.

Жаңы түзүлө турган партия Түштүккө басым койо тургандыктан, Түндүк тараптын партиялары, мыктылары менен тандемге келип өзүнө тартат. Ушундай себептерден улам Төрөбаев көнүп алган Бабановуна биригип “Республика –Өнүгүү-Прогресс” (РӨП) партиясын түзбөсө арам өлөт. РӨП көнгөн 20 - 30 пайызын алат, анткени Бабановдун көп жылдан бери калыптанып калган электораты бар. Парламенттик тосмодон жаңы партия менен РӨП өтөрүндө шек жок жок. Жаңы партия көп кубаттуу партияларды өзүнө тартат, РӨП да андан кем калышпайт.

“КББ” кыпчылып тосмодон өтүшү мүмкүн

Бабановдон кийин Түндүктө бычакка саптуу партия Шаршенбек Абдыкеримовдун “Кыргызстан” партиясы. Бул партия учурунда СДПКга кол бала партия катары түзүлгөн. Анткени, Конституция боюнча 60 пайыздан ашса жарабайт, мындан көп добуш ала албайт, ошол себептен кол бала партия менен парламентте көп орун ээлейбиз деген максат болгон. Азыркы бийлик да жарышка “Кыргызстан” партиясын кошот. Бирок, Түштүктөн бир даамдуу партия кошулушу мүмкүн. “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Улуттар Биримдиги” партиялары бийликке кол бала болгусу келбейт. Бул ролду “Бир бол” партиясы аткарышы мүмкүн. Жогоруда айтылган партиялар Темирбек Асанбековдун “Мекен Ынтымагы” сыяктуу партиялар менен биригип жарышка чыгат. Мисалы, 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясы менен биригип, тосмого бир –аз добуш жетпей калган. Бул шайлоодо “Эмгек” жарышка аттанбай жаңы партияны колдошу толук мүмкүн.

Шайлоодо жаңы партия 50-60 пайыз менен келсе, “Кыргызстан-Бир бол” же “КББ” анын кол бала партиясы катары 9 пайыздык тосмодон өтөт да, жаңы партия менен биригип көпчүлүк коалициясын түзүп, жаңы өкмөттү курайт. Мыйзам боюнча оппозициялык фракцияга Каржы министрлигин, Экономика министрлигин көзөмөлдөгөн комитеттер берилет. Бул ишти “РӨП” жасалма оппозиция катары аткарат.

СДПК канчага бөлүндү: Экигеби же үчкөбү?

СДПК канчага бөлүнсө да “Төө кыядан өтүп кетти”... Расмий экиге бөлүнгөнү менен турмуш жүзүндө үчкө бөлүндү:

  1. Атамбаевди колдогон тарап, буларды ким экенин түштөн ойготсо да айтып берчүдөй болду.
  2. Сагынбек Абдырахманов бөлгөн тарап. Абдырахманов СДПКнын курултайында азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине каршы чыккан. Бирок, бул партиянын Саясий Кеңеши жакшы иштеп жатат, быйылкы апрелдеги жакшы идеялар менен чыккан сунуштары Абдырахманов тарабынан колдоого алынбай келатат.
  3. Жаңы партия түзүлсө, мурунку СДПКнын мүчөлөрү ошол жакка оойт. Ошондо ким экени белгилүү болот.

Башкысы СДПК тууралуу өзүнчө сөз кыларбыз. Арийне, азыркы кейпи менен Атамбаев тарабы да, Атамбаевдин чайын ичип жүрүп адам болгон Абдырахманов тарабы да 9 пайыздык тосмодон өтө албайт. Муну кесе айтып койсо болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83