www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5 миллион жеген Албек Ибраимовго “Азаттыктын” кандай тиешеси бар?

Темирлан Келдибеков 01-октябрь 2019, 14:16

Эл пикир


5 миллион жеген Албек Ибраимовго “Азаттыктын” кандай тиешеси бар?

Албек Ибраимовдун алкымынан ”Манас” аэропортунан 5 миллион доллар чуркурап өтүп кеткен. Албек Ибраимовду “Манас” аэропорту менен коргогон Венера Жуматаеванын бул акчага тиешеси жокпу? “Азаттык” үн алгысынын мурунку кызматкери Элнура Алканованын айтуусунда: “Манас” аэропортунун айланасында болуп жаткан  “киргил схемаларды”, “Манас” аэропортунун ал кездеги жетекчиси Албек Ибраимовдун кызыктуу бизнестерин каза баштаганда, балким ошол жерди “аштоо” кылып алганбы Венера Жуматаева аны кызматынан алат. “Кыңыр иш кырк жылда” дейт, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге таянып чалчаңдап, элдин эмгегин бекер жеп жаткан Албек Ибраимовдун миллиондорду ашап жүргөндөрүнүн бети ачылды. Таң калганыбыз аны эмнеге “Азаттык” үн алгысынын жетекчиси Венера Жуматаева “сары ооз балапандай” калкалап келди. Анткени, бул “Манас” аэропортунда Венера Жуматаеванын да кызыкчылыгы болгон. Эгер анын кызыкчылыгы болсо кантип уялбай “Азаттыкты” жетектеп жүрөт?

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) беш жыл мурда “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомунан оффшордук компаниялар аркылуу 5 миллион доллар чыгарылып кеткенин аныктады. Бул чекеси эле болсо керек.

Компаниянын жетекчилиги 2014-жылы аэропорттун аймагында жайгашкан, ошол кезде банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Финансы полициясы ишкана жетекчилиги башынан эле бул келишим майнапсыз экенин билип туруп кол койгон деп эсептейт. Финполдун өкүлү белгилегендей, акциялардын баасы ал кезде 5 миллион доллар эмес, 100 миң сом гана болчу.

2013-2016 жылдары “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомун Албек Ибраимов башкарып турган. Кийин Бишкектин мэри болуп иштеген Албек Ибраимов 2018-жылы камакка алынган. Ага карата борбордун четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүүгө байланыштуу эки кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү жүрүп жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү болгон Ибраимов бул кылмыш иштерин куугунтук катары эсептеп келет. Ал УКМКнын Тергөө абагында кармалууда. Финполдун бүгүнкү айыптоосу боюнча Албек Ибраимов тараптан комментарий боло элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83