www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбек ажосу жоолук салынган аялдарга кандай карайт?

Айдар Нуралиев 01-октябрь 2019, 15:02

Саясат Коом Борбордук Азия жаңылыктары


Өзбек ажосу жоолук салынган аялдарга кандай карайт?

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бокс боюнча дүйнө чемпиондугунда өзгөчөлөнгөн спортчулар менен машыктыруучуларга салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи учурунда жоолук салынган аялдар тууралуу өз оюн билдирди.

Жеңил салмакта дүйнө чемпиону болгон Миразиз Мирзахалиловдун жоолук салынып турган апасына кайрылган өзбек президенти “социалдык тармактарда көптөгөн маселелер көтөрүлүп жатат. Өзбек аялына жоолук да, өзбек кийими да жарашат!” деп айтты.
“Сиздин жашоо образыңыз – мен үчүн ыйык өзбек апасынын образы. Биздин боорукер апалар, эжелер мына ушундай кийинишине эч ким, эч качан Өзбекстанда каршы болбойт”, -дейт Мирзиёев.
Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83