www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” форумунун ишине катышышты

Айдар Нуралиев 02-октябрь 2019, 09:02

Расмий кабарлар


ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” форумунун ишине катышышты

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жана ошондой эле Молдова жана Иран башчылары, 1-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында Армениянын Ереван шаарында «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун жыйынтыктоочу сессиясынын ишине катышышты.

Евразиялык экономикалык комиссиянын Төрагасы Тигран Саркисян талкууланган маселелер жөнүндө айтып берип, Форумдун негизги натыйжаларын чыгарды.

«Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун жыйынтыктоочу декларациясын Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян окуду.

Мындан тышкары делегациялардын башчылары төрт багыт: анимация, оюндарды иштеп чыгаруу, веб-иштеп чыгуу жана санарип массалык маалымат каражаттары боюнча заманбап технологияларды колдонуу менен IT чөйрөдө иштөөгө окуткан «ТУМО» инновациялык технологиялар борборунун ишмердиги менен таанышышты.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83