www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айласы кеткен Малахов кыргыздардан кыргызча кечирим сурады

Алтын Булат 02-октябрь 2019, 10:37

Саясат Коом


Айласы кеткен Малахов кыргыздардан кыргызча кечирим сурады

Сүйүүнүн күчү керемет! Ой... интернеттин күчү зор экен! Кечээ, 1-октябрь күнү Орусиялык жылдыздардын кечирим сураган күнү болду окшойт. Бири, кыргыздан кыргызча кечирим сураган теле алпаруучу Андрей Малахов. Экинчиси орус эстрада жылдызы Дима Билан.

Тагырагы, коомчулуктун үнүн социалдык түйүндөр тиешелүү жерлерге жеткирүүдө чо-оң керекке жарап жатат.

Негизи кыргыз кыйын эле калк экенбиз, “Аа” десек ар жагыбыздагынын баары көрүнүп калат, анткен менен намыска келгенде тикеден тик тура калган өзгөчө калкпыз, “Малахов кыргыздан кечирим сурасын эле сурасын” деп какшап атып, акыры ал максатыбызга деле жеттик.

Анткен менен теле алпаруучу, өзүнүн сөзүн башкача түшүнүп алгандарга багыштап туруп, “айла жок, бирок, сүйүүнүн күчү керемет” дегендей эле аргасыздан кечирим сурагандай.

А баса, 24-сентябрь күнү Андрей Малахов «Прямой эфир» көрсөтүүсүндө “бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн” деп айтып “10 долларлык айлыкка иштеген кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн баардык нерсеге даяр” дегендей сөз айткан болучу.

Айтмакчы, сахнадагы туура эмес кылык-жоруктары үчүн самаралыктар дагы “Дима кечирим сурасын” деп жатышып, акыры ал максатына дагы жетишти. Жетмек тургай Дима Биландан бекер концерт дагы көрүшмөй болду.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83